Жигитимдин бир нерсени айтып убадасына турбаганы жакпайт. Мамилени токтотсомбу?
Саламатсызбы. Жигитим менен сүйлөшүп жүргөнүмө эки жыл болду. Үйлөнөлү деп сунуш айтып жатат. Турмуш курууга даяр эмес экенимди айтсам, күтөм дейт.
Бирок, эмнегедир мага аны менен жашап кете албачудай сезиле берет. Анын иниси биринчи үйлөнүп, балалуу болуп калды. Жигитим келинин аябай мактап турат. Экөөбүз үйлөнгөндө апама, бир туугандарыма, анан ошол келиниме жакшы мамиле кыл, сыйла, деп көп айтат. Мени башкара берет.
Бир нерсени айтып, бирок ишке ашырбаганы, берген убадасына турбаганы да такыр жакпайт.
Быйыл күздө баш кошолу деп пландаштырууда. А мен эмне кылышты билбей турам. Турмушка чыга берсемби же мамилебизди токтотсомбу?
Асель Баимбетова
Психолог
Саламатчылык. Сиз басынтуудан коркуп жатасыз, жана жигитиниздин сүйлөгөн сөздөрүнөн улам, ошондой мамиле кылчудай экенин байкап калган окшойсуз. Үйлөнөлү деген сунушу да жакпай турат.
Күзгө чейин дагы убактыңыз бар. Жигитиңиз менен ачык сүйлөшүңүз. Алардын үй-бүлөсүндө шарттар кандай? Кандай мыйзамдар менен жашашат? Келиндерге кандай мамиле кылышат? Апасын, бир туугандарын сыйлоо деген сөздүн артында эмне жатат? Кандай мамилени сый деп түшүнүшөт? Булардын бардыгын тактап сурап алыңыз. Ошондо сизге мындай мамиле, мындай үй-бүлө туура келеби, жагабы, жашай аласызбы түшүнөсүз.
Сизде ар дайым турмушка чыгуудан баш тартууга толук укугуңуз бар. Бул сиздин жашоо, анын кандай боло турганын жана ким менен турмуш курарыңызды сиз гана чечесиз.
Бактылуу болуңуз!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам
Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам
Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши