// //

“Эл эмне дейт?” деп жашап келем, ушул адатыман кантип арылсам болот?

2020.07.06, 11:58
1467

Саламатсызбы. Мен “эл эмне дейт” деп жашайм, ар дайым өзүмдүн эмес элдин оюна көңүл бөлөм. Ушул адатымды таштай албадым. Мындан кантип арылсам болот, кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.07.2020, 11:59

Мария Самсонова

Психолог

Адамдын өзүнүн жеке ою жок болгон учурда, элдин эмне дей турганы маанилүү болуп калат. Жеке оюн калыптандыруу үчүн ички жан дүйнөсүн, туюмун, эмоцияларын, сезимдерин изилдеп, тыңшагандын ордуна сырттан жоопторду издей баштайт.

Мисалы: “Мага мен ким экенимди айткылачы? Мен кандай кылсам туура болот? Мен үчүн эмне жакшы, эмне жаман?” деген суроолорду элге узатып алардан жооп алат. Чынында алар, өздөрүнүн көйгөйүн чече элек, өздөрүнүн суроосуна жооп бере элек.

Ошондуктан эсинизде болсун, сиздин суроолоруңузга сизден башка эч ким жооп бербейт – бул сиздин маселе.

Адамдар сизди кайсы учурда макташат? Качан алар үчүн ыңгайлуу болгондо. Жашоо чоң базарга окшош. Ар ким өзүнүн товарын түртө салганга аракет кылат. Сиздин максат, чындап керектүү буюмду сатып алуу, кереги жокторунан баш тартуу.

Ар дайым өзүңүздүн чечимиңизди, тандооңузду сыйлаңыз. Жашоонуздун эксперттери жок. Анын жалгыз эксперти, билерманы сиз. Сиз үчүн эмне жакшы, эмне жаман экенин, эмне туура, эмне туура эмес экенин сиз гана билесиз. Ал эми башкалар сизге кандай мамиле кылат, ал ар биринин өз иши.

Кичинекей балдар ар дайым чоңдордун мактоосуна муктаж болуп турушат. Сабактан беш алдыңбы - “Азамат! Беш!”, эки алдынбы – “Отур! Эки!”

Турмуш андай эмес, жашоону кандай жашаш керек деген суроого жооп берген жана ар бир адамга жарай турган инструкция жок. Сиздин максат, жеке инструкцияны иштеп чыгуу.

Ийгилик!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:

Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?

Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт