Простата безиндеги ташты дары менен жок кылса болобу? Урологдун жообу
Саламатсызбы. Жакында эле УЗИге түшсөм, простата безинде туз бар экен. Беш жыл мурда бөйрөгүмдө туз бар болчу, ошол туздар простатага келип топтолуп калышы мүмкүбү?
Бөйрөк менен простата безиндеги туздарды кантип жок кылса болот? Дары менен ээритип жок кылуу мүмкүнбү? Тажрыйбалуу урологдон жооп алып бергилечи? Алдын ала ыраазычылык билдирем.
Азат Бейшенов
“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог
Саламатчылык. Простата безинде таш өзүнчө эле пайда болушу мүмкүн. Көбүнчө, сезгенүү таштын калыптанышына себепкер болот.
Эгер простата безиндеги таштар майда болсо, анда физиотерапия менен дарыланат. Бирок анын алдында сезгенүүнүн өзүн айыктыруу зарыл.
Ал эми таш өтө чоң болсо анда ультра добуш менен же операция аркылуу алып салуу сунушталат.
Ташты дары-дармек менен ээритип жок кылуу мүмкүн эмес. Себеби андай дары жок.
Ден соолукта болуңуз.
Азат Бейшенов менен @urologyazat_kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат
Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш
Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет
Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет