// //

Ата-энемди сүйүнтүп эртерээк үйлөнсөмбү дегем. Бирок сүйлөшкөн кызым каршы

2020.06.29, 12:51
1221

Саламатсызбы. Мен 21 жаштамын. Силерге кайрылганымдын себеби төмөндөгүчө: Өзүм стедентмин. Бир жылдан кийин окуумду аяктайм. Үйлөнөйүн деп жатам, бирок күмөн саноолорум бар. Эртеби, кечпи кантип чечим чыгарса болот? Ата-энем улгайып калган, 60ка барып калышты. Аларды сүйүнтүп, эртерээк үйлөнсөмбү дегем. Өздөрү кеч баш кошушкан экен. Менде бардык шарт бар.

Бирок сүйлөшкөн кызыма айтсам, ал шартыбыз жок дейт. Ата-энеси да көнбөй жатышат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.06.2020, 12:55

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатчылык. Менин сизге да бере турган суроом бар: Азыр үйлөнө калуу чечими сиздин жеке каалооңуздан улам жаралган чечимби же ата-энеңиздин каалоосун ишке ашыргыңыз келип жатабы?

Үйлөнүү, үй-бүлө куруу ар дайым кыз-жигиттин макулдугу жана каалоосу менен ишке ашышы керек. Кээде башка адамдын (мейли ата-эне болсо деле) көңүлү үчүн баш кошкон үй-бүлөлөр бактысыз болуп калчу эле.

Ата-энеңер кеч үйлөнүшсө демек алар 40ка жакындап калганда баш кошушкан. Бул алардын акыл калчап, өзүнүн жоопкерчилиги менен кабыл алган чечими. Бул алардын тандоосу. Сиздин да тандоого акыңыз бар.

Андан тышкары сиз: менде бардык шарт бар, деп жазып, ошол эле учурда кыз, кыздын ата-энеси шартыбыз жок, деп айткандарын билдирдиңиз. Алардын да пикирин, мүмкүнчүлүктөрүн, даярдыгын, намысын эске алыңыз.

Кыздын ата-энеси көкүрөк күчүгүн турмушка узатып жатып бир катар шарттарды, салттарды, ырым жырымдарды жасашы керек. Мунун бардыгына мүмкүнчүлүк, каражат керек экенин айтпаса деле билесиз.

Мүмкүнчүлүк болсо кудалардын жолугушуусун уюштуруп бериңиз. Алар бири-бири менен сүйлөшүп, макулдашып, бир бүтүмгө келишээр.

Ийгилик!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:

Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?

Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам

Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам

Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт