Өнөкөт циститтен эч эле арыла албай койдум. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Менде өнөкөт цистит бар. Эч эле айыкпай койдум. Дарыларды ичтим, жыйынтык болбоду. Эмне кылсам болот? Аябай кыйналып кеттим.
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Балким сизде цистит эмес, "гиперактивный мочевой пузырь" деген көйгөй болушу мүмкүн. Мисалы, циститти сезгенүүгө каршы дарылар же антибиотиктер менен дарыласа болот. Ал эми "гиперактивный мочевой пузырь" деген ооруну башка дарылар менен дарылайт. Бейтапканага кайрылсаңыз атайын тесттер бар. Анализ тапшырбай эле ошол тесттеги суроолорго жооп берсеңиз, "гиперактивный мочевой пузырь" же циститпи билинет. Жыйынтыгына жараша дарылансаңыз, сакайып кетесиз.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат
Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш
Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет
Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет