// //

“Эжелеп” турган келинимдин сыйын көтөрө албай баарына жаман атты болдум

2020.06.24, 13:37
4302

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

“Эжелеп” сыйлап турса да жактырбадым"

Шарды токтобой үйлөй берсе эмне болот? Жарылат, туурабы? Жарылаганда үнү ушунчалык катуу чыгат дейсиңер, жүрөгүң түшүп, отуруп каласың. Бирок, баарына өзүбүз күнөөлүбүз, убагында токтош керек болчу.

Турмушка эрте чыктым. Бир айдан кийин эле күйөөм экөөбүз Россияга иштегени кеттик. Көп өтпөй боюмда бар экенин билдим. Ай-күнүм жакындап калганда кайтып келдик. Бул учурда экөөбүздүн урушубуз көбөйдү. Ажырашып тындык.

Кызымды көтөрүп ата-энемдикине келдим. Атам "бир кесиптин ээси болуп кал" деп, чуркап жүрүп окууга киргизди. Үч жылдан кийин аяктап, иштей баштадым. Ошентип жылдар өтүп, жашоо улана берди. Баса, күйөөм кызынан кабар алганы бир да жолу басып келген жок.

Ата-энем келинин “кызым” деп эркелеткен сайын ачуум келет.

Жалгыз иним маңдайы жарык сонун кызга үйлөндү. Бирок, келиним “эжелеп” сыйлап турса дагы жактырбадым. Берген чайын жөн ичпедим. Кеңеш берип колдогондун ордуна, жасаган жумушунан кыйкым таап, элдин көзүнчө басынттым. “Аялыңа мындай мамиле кыл, болбосо башыңа чыгат” деп иниме акыл үйрөттүм. Кызым “жеңелеп” жанына барса, кызганып башка бөлмөгө алып кирип кеттим. Апамдардын “кой” дегенин укпадым. Үй-бүлөмдүн алдына сыйымды жогото баштадым. 

Акыркы чек ата-энесине сөз тийгизгеним болду. “Эже, сизди сыйлаганым үчүн ушунча чыдадым. Бирок, ата-энеме сөз тийгизүүгө акыңыз жок! Ынтымакта жашоону каалабайт экенсиз. Макул, баары сиздикиндей болсун. Мындан ары мен унчукпай кое албайм!”

Жаркылдаган келинибиз бар эле. Мүнөзү өзгөрүп, кабагы бүркөлүп калды. Үйдөгү атмосфера башкача боло түштү. Иним мени көргүсү жок. Апамдардын дагы мага болгон мамилеси сууп калды. Кыскасы, баарын буздум.

Ар кимдикине кийлигишпей, өз жашоомду курууну чечтим. Бөлүндүм. Кетип баратып келинимден кечирим сурадым. Ак көңүлүм десе, кечирди. Азыр экөөбүз эң жакын курбубуз. Үйгө барган сайын сыйлап тосуп алат. Ата-энем, иним дагы бактылуу. Аларды көргөн сайын, катамды моюнга алып, туура жолго түшкөнүм үчүн, өзүм менен сыймктанып кетем.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт