// //

Арык адамдар семирүү үчүн кандай тамак жеши керек? Нутрициолог жооп берет

2020.06.24, 12:44
3802

Саламатсызбы. Мен бир кеңеш алайын дедим эле. Жашым 15те, азыркы салмагым 37 кг. Жашообуз жакшы, жакшы тамактанам, ден соолугум да мыкты. Далай жолу анализ тапшырып, доктурга көрүнгөм. Каным таза, ичимде курт жок. Бирок кичинекей кезимен эле арыкмын.

Кайсы тамак семиртет? Эмнелерди жешим керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.06.2020, 12:46

Алтынай Джуманазарова

Нутрициолог

Саламатчылык. Эгер сиздин максат салмакты көбөйтүү болсо, анда курамында майлар көбүрөөк болгон азыктарды жешиңер керек. Мисалы: жаңгак, шоколад, майлуу эт, майлуу сүт азыктары.

FatSecret деп аталган азыктануу күндөлүгү бар, ошону жүргүзүп көрүңүз. Анда өзүңүздүн данныйларды жазасыз, ошого жараша күнүнө канча калорий колдонуу керектиги эсептелип чыгарылат.

Тамактануу режимин мурункудай эле сактаңыз, күнүнө үч маал толук тамактаныңыз. Нормаңыздан артта калбаганга аракет кылыңыз. Ошондой эле азыктарды туура бөлүштүрүү зарыл:

  • белоктор - 20%
  • майлар - 30%
  • углеводдор - 50%

Ийгилик!

Бул жактан дагы окусаңыз болот:

Үй шартында кантип арыктаса болот? Нутрициолог айтып берет

Арыктоо үчүн кадимки суу ичиш керекпи же кайнак суубу? Нутрициолог жооп берет

Кошумча суроолоруңар болсо нутрициолог Алтынай Джуманазарованы “Шпинатные хроники” telegram каналынан, же @nutrition.kg инстаграм баракчасынан тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт