// //

Арыктоо үчүн кадимки суу ичиш керекпи же кайнак суубу? Нутрициолог жооп берет

2020.06.17, 10:14
4163

Саламатсызбы. Арыктоо үчүн күнүнө 2,5 литрден суу ичип жатам. Бирок кайнак суу ичиш керекпи же жөнөкөй суубу? Жооп алып берсеңиз жакшы болот эле. Алдын ала рахмат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.06.2020, 10:17

Алтынай Джуманазарова

Нутрициолог

Саламатчылык. Организм үчүн кайнатылган сууга караганда кадимки суу ичүү пайдалуураак. Себеби, суу биз үчүн керектүу элементтерди камтыйт. Алар:

  • Магний;
  • Кальций;
  • Натрий, ж.б

Кайнатылгандан кийин бул элементтердин бардыгы жылытуучу элементтерге чогулуп калат. Ошону менен суу өзүнүн пайдалуу касиетин жоготуп коет.

Андан тышкары термикалык тазалоо (термическая обработка) суудагы эң маанилүү элемент – кычкылтекти чыгарып салат. Натыйжасында  суу суюктукту организмге текши жеткире албай, шишиктерди (отёк) пайда кылышы мүмкүн.

Ден соолукта болуңуз.

Бул жактан дагы окусаңыз болот:

Үй шартында кантип арыктаса болот? Нутрициолог айтып берет

Кошумча суроолоруңар болсо нутрициолог Алтынай Джуманазарованы “Шпинатные хроники” telegram каналынан, же @nutrition.kg инстаграм баракчасынан тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт