“Жазгы Бишкек” ала качууга каршы мобилдик оюн-сериалы
“Жазгы Бишкек“ - бул “Чабалекейлер” тиркемесиндеги оюн-сериалы. Кыздарга жигиттер менен мамиле курууда базалык укуктарын үйрөтүп, ала качканда эмне кылыш керек экенин түшүндүрөт. Бул тууралуу “Айкын багыт” фондунун директору Мунара Бекназарова айтып берди.
Оюндун башкы каарманы күтүлбөгөн жерден оор кырдаалга туш болот: биринчи курста чогуу окуган курбусун ала качып кетет, анын ата-энеси жана туугандары элдин сын пикиринен коркуп, кызды алып кетишпейт. Бул учурда сиз курбуңузду сактап калуу же кийлигишпөө жөнүндө чечимди кабыл алышыңыз керек, анткени окуянын башкы каарманы – сиз болосуз.
Оюндагы бардык аракеттер курбуңуздун атынан өтүп жаткандыгына карабастан, бир бөлүмдө сиз ала качкан кыздын ордуна өзүңүздү коюп, анын абалында болуп, ала качкан адамдын үйүндө калууну же кетүүнү чечесиз.
Сценарийди жаратууда никеге туруу үчүн ала качууга дуушар болгон кыздардын башынан өткөн чыныгы окуялар чогултулган.
Оюндун негизги максаты кыздардын укуктары жана ала качууда аларды коргой турган мыйзамдар жөнүндө маалымат берүү. Оюндун башкы каарманы анын курбусун ким ала качып кеткендигин териштирип, журналисттик блокнотуна маанилүү кеңештерди жазып алат:
- Кыздарды ала качуудан кандай мыйзамдар коргойт?
- Кимдир бирөөнү ала качкан болсо, кайда кайрылуу керек?
- Милицияга кантип жана кайсы учурда кайрылыш керек?
- Ала качкан адамдын үйүндө эмне кылуу керек?
Эскертүүлөрдү окуп, билимин текшерүү үчүн тесттерден өткөндүгү үчүн, оюнчу “чабалекей” түрүндө сыйлык алат, аны жашыруун көрүнүштөрдү жана эң кызыктуу сюжеттик сырларды ачууга жумшайт.
Кыргызстандагы мыкты юристтер жана психологдор оюндагы эскертүүлөр үчүн материалдарды түзүүгө жардам беришти - деп түшүндүрөт “Айкын багыт” фондунун директору Мунара Бекназарова.
Бул оюнду орус жана кыргыз тилдеринде ойной аласыз. Интерактивдүү “китепте” 11 бөлүм бар, азыркы учурда биринчи үч бөлүмү даяр. Калган бөлүмдөр жума сайын сериал катары чыгарылат – чыккан күндөрү жөнүндө социалдык тармак аркылуу алсаңыз болот.
Оюнду акысыз түрдө азыр эле Android же iOS аркылуу жүктөп алсаңыз болот.
Android үчүн жүктөө:
https://play.google.com/store/apps/details?id=info.scafandergames.lastochki
iOS платформасына жүктөө:
Авторлору ала качууну алдын алуу боюнча иштеген “Айкын багыт” фонду, активист жана сценарист Мария Середа, UX-специалист Ирина Леу, сүрөтчү Татьяна Зеленская жана программист Влад Касаткин.
Долбоорду түзүүдө командага дүйнө жүзүндөгү ондогон активисттер жана эксперттер жардам беришкен. Долбоор Сорос-Кыргызстан Фонду, Sigrid Rausing Trust жана Европа союзу менен БУУнун биргелешкен «Теңдик нуру» демилгеси тарабынан каржыланды.