Кантип жеке нотариус боло алам? Адвокат жооп берет
Саламатсызбы. Кыргызстанда кантип жеке нотариус болуу мүмкүн ? Эл аралык мамилелер факульетинин бутурүүчүлөрү нотариус боло алышабы?
Ширин Алмазова
“Линия зашиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Нотариалдык ишмердүүлүк менен алектенүүгө уруксат берүүчү лицензия алуу үчүн жогорку юридикалык билим бар болуш керек. Юридикалык адистиги боюнча үч жылдан кем эмес эмгек стаж, мамлекеттик же жеке нотариустан алты айдан кем эмес стажировкадан өтүп, андан кийин квалиификациялык экзамен тапшыруу зарыл.
Квалификациялык экзаменге
- конституциялык укук;
- жарандык укук;
- жарандык процессуалдык укук;
- үй-бүлөлүк укук;
- жер, турак-жай, эмгек укуктары боюнча суроолор кирет.
Кыргыз Республикасынын нотариаты жөнүндө ж.б. мыйзамдары боюнча суроолор берилет.
Лицензия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан экзаменден өткөндөн кийин бир айдын ичинде берилет.
Тилекке каршы, эл аралык мамилелер факультетинин бүтүрүүчүлөрү жеке нотариалдык иш менен алектене алышпайт.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:
Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?