Биринчи турмушумдагы балдарымды экинчи күйөөмө каттай аламбы?
Саламатсызбы! Биринчи турмушумдагы эки баланы, экинчи күйөөмө каттайын деп жатам. Фамилияларын өзгөртүү үчүн биринчи күйөөмдүн уруксаты керекпи? Ал өзү каралашпайт, алимент дагы төлөбөйт.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Азыркы жолдошуңуз балдарды асырап алуу жөнүндө сотко арыз менен кайрылуусу керек. Бирок кайрылуудан мурун силер өзүңөр жашаган аймактагы социалдык коргоо мекемесине барып, тиешелүү корутунду алышыңар керек. Бул нерсе сөзсүз талап кылынат.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?
Кайын атам үйдү баласына эмес, небереме жаздырам дейт
Кайын-журтум кызымды алып калып, мени үйдөн кууп чыкты