Аш содасы жыныс мүчөнү чоңойтобу? Уролог жооп берет
Менин суроомо жооп алып бере аласызбы? Суроом төмөндөгүдөй: аш соодасынын эркектин жыныс мүчөсүнө зыяны жокпу? Жыныстык мүчөм кичирейип кетти, аш содасы менен чоңойтосм болобу? Жашым 19да
Азат Бейшенов
“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог
Саламатчылык. Интернетте аш содасы тууралуу мифтер абдан көбөйүп кетти.
Аш содасы медицинада дарылык каражат катары колдонулбайт. Анын жыныс мүчөгө тийгизе турган таасири боюнча эч кандай илимий тастыкталган маалымат жок. Ошондуктан ал эркектин жыныстык органын чоңойтуп, же кичирейтет деген сөз болбогон кеп.
Ал эми жыныс мүчөнүн терисине зыян келтире турганы анык. Аш содасы – бул щелочь. Ал теринин коргоочу барьерин бузуп, бактерияларга жол ачат. Теринин нымдуулугу төмөндөп, кургап, сезгенүү пайда болушу мүмкүн.
Ден соолукта болуңуз.
Азат Бейшенов менен @urologyazat_kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат
Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш
Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет
Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет