Бөйрөктөгү туздар простата безине келип түшүшү мүмкүнбү?
Саламатсызбы! Жакында УЗИге түшсөм простата безимде туз бар экен. Беш жыл мурда бөйрөгүмдө туз бар болчу. Ошол туздар простага келип топтолуп калышы мүмкүнбү? Ооруканада даарыланып чыктым, бирок пайдасы болбоду. Бөйрөк менен простатадагы туздарды кантип жок кылса болот?
Азат Бейшенов
“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог
Саламатсызбы! Бөйрөктөгү туздардын простатага келип жайгашып калуусу мүмкүн эмес. Простата безинде башка туздар, бөйрөктөгү туздар башка болот. Туздардын ар кандай түрлөрү жана пайда болуу себептери бар. Сиз бейтапканага кайрылып, толук текшерүүдөн өтүңүз. Дарыгер айткандарын өз убагында аткарсаңыз, сакайып кетесиз. Өз алдынча дарылануу ден соолугуңуз үчун кооптуу.
Азат Бейшенов менен @urologyazat_kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат
Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш
Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет
Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет