Лизингге комбайн алып кирешесин көбөйткөн фермердин ийгилик сыры
Жеке ишкер Екатерина Николаевна Нудко жолдошу Евгений менен бирге Чүй облусунун Панфилов районундагы Чалдовар айылында жашашат. Алар дыйканчылык менен алектенишет, 2003-жылдан бери эгин өстүрүп келишет.
Негизги жумуштары - өсүмдүк өстүрүү жана Панфилов районунун жашоочуларына айыл чарба техникалары боюнча кызмат көрсөтүү. Фермада “Беларусь” тракторлору, чиркегичи бар жүк ташуучу машиналар, “Нива СК-5” жана “Енисей” комбайндары бар.
"Бирок, мөөнөтү 30 жылдан өтүп калган эски комбайндар бузула берет, ар дайым оңдоп-түзөөгө муктаж", - деп даттанат Екатерина. Албетте, бул нерсе түшүмгө жана кирешеге чоң таасирин тийгизбей койгон эмес. Ошондуктан жубайлар "Айыл Банктан" комбайнды лизингге алууну чечишкен.
"Мурда биз эч качан насыя алган эмеспиз, өз каражатыбызды пайдаланып келгенбиз. Башка фермерлерден лизинг жөнүндө угуп калчубуз. Ачыгын айтканда, бул жолду көптөн бери ойлонуштуруп жүргөнбүз, бирок жакын арада эле чечим кабыл алдык", - дейт Евгений.
"Айыл Банкта" бир нече мамлекеттик программалар бар экендигин белгилей кетүү керек, алардын алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрү жеңилдетилген насыя алууга мүмкүнчүлүк алышат. Мисалы, "Мамлизинг-5" программасы боюнча жабдууларды 6% жеңилдетилген ставка менен алуу же "Айыл чарбасын каржылоо" программасы боюнча 8% дан жогору насыя.
Екатерина менен Евгений "Мамлизинг-5" программасынан пайдаланып, VECTOR 410 комбайнын лизингге алышты. Анын пайда болушу менен, түшүм жыйноо сапаты жакшырып, жумушчулардын эмгеги жеңилдеп жана киреше жогорулайт деп үмүттөнүшөт.
"Албетте, коркуу сезими болду, анткени бул кымбат жабдык болчу. Анын кандайча иштээри, күткөндөргө ылайык келеби, белгисиз эле. Бирок мага комбайн абдан жакты, мыкты иштейт экен, түшүм жыйноо сапаты боюнча эски советтик комбайндардан бир кыйла айырмаланды", -деп жубайлар өздөрүнүн сезимдери жана кубанычтары жөнүндө айтып беришти.
Комбайндын жакшы натыйжаларына көзү жеткенден кийин, жубайлар дагы бир комбайнды лизингге алууну чечкен. Көп өтпөй эле, үстүбүздөгү жылдын май айында жаңы жабдуу ишкерлердин колуна берилди.
"Эгер өзүбүз комбайн ала турган болсок, көп убакыт акча чогултмакпыз. Бул жерде баары ыңгайлуу экен, киреше түшө баштады, ошол эле учурда акырындык менен лизингдик төлөмдөрдү төлөп жатабыз."
"Жаңы заманбап технологияларды алуу бизнестин өнүгүшүнө карай жасалган кадам деп ишенем",- дейт Екатерина Нудко.
Фермада эки штаттык жумушчу иштейт. Бул чарбанын башчысы жана агроному. Мындан тышкары, сезондук беш жумушчу, трактор айдоочу, машинист бар. Жалпысынан Панфилов облусундагы айдоо аянты 51 594га, анын 37 миң гектары арпа жана буудай ээлейт. Бул жерлерди иштетүү боюнча кызматтар ар дайым актуалдуу жана суроо-талапка ээ. Демек, Екатерина менен Евгений үзгүлтүксүз жумуш менен камсыз болот.