// //

Атам менен апамдын концертин көчөнүн баары угат. Жаш депутаттын арманы

2020.06.11, 12:05
3455

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Редакциябызга жаш жигит кайрылып үй-бүлөсүндөгү көйгөй жумушуна тоскоол болуп жатканын айтты.  

"Эл менин сөзүмдү угабы?"

Жакында айылдык кеңештин депутаты болуп шайландым. Кубанганым менен жүрөгүмдү оюган бир көйгөй бар. Атам ичет, апам аны тыям деп жаңжал чыгарат.

Жумушумдун бир бөлүгү айыл элдерин ынтымакка келтирүү. Кокус бир үй-бүлөдөн чыр-чатак чыга турган болсо, мени чакырышат. Бирок, өзүмдүн үй-бүлөм мындай болуп жатса, эл менин сөзүмдү угабы?

Үйүмдүн жанында досторум менен тура албайм. Эми качан экөө бакырышып кетет деп тынчсызданам. Экөөнүн концерти башталганда көчөнүн баары угат. Уялганымдан жерге кирип кетким келет.

Бирөөнүн үйүнө барып “койгула, тополоң кылбагыла” деп айткандан корком.“Өзүңдүкүн тыйып алчы” дешсе, эмне дейм?

Экөөнө канча ирет түшүндүргөнгө аракет кылдым.

Атам: Апаң бакырбаса мен унчукпаймын го!

Апам: Ичип келип жатканына чыдабаймын!

Бул жактан туруп алып өтө кыйналдым. Ушунчалык чыр-чатактан тажадым. Эмне кылсам экен? 

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Ата-энеңизди кайра оңдоого болбойт, ынандыруу дагы мүмкүн эмес. Аракечтер болгон бардык үй-бүлөлөрдө ушундай болот, эненин урушканы натыйжа бербейт. Аялы мас күйөөсүнө башкача мамиле кылышы керек эле, бирок апаңыз көп жылдан бери бул көйгөй менен алыша берип чарчаган, нерви чыдабай калган. Кыязы, башкача жол менен мамиле кылууга аракет кылып да көргөн болушу керек.

Эмне үчүн аялдар аракеч менен жашашат? Аны багып, кийинтип ж.б. Мейли, бул апаңыздын жеке иши, балким анын тагдыры. Бирок, көпчүлүк ажырашып кетүү уят, “Эл эмне дейт?” деп чыдап жүрө беришет. Ал эми бүт үй-бүлөнүн жапа чеккени жакшыбы?

Жок дегенде апаңыз үчүн авторитет болгон туугандарыңыз же адамдар менен сүйлөшүп, аларга ынандырып көрүүнү айтыңыз. Бирок, менимче, бул жардам бербейт.

Атаңызды наркология борборунда дарыласа жакшы болмок, бирок бул анын макулдугу менен гана болот. Ошондой эле ал жактагылар аялы менен маектешип, ага кантип сүйлөшүүнү үйрөтүшмөк. Мындай абал өтө узак болушу мүмкүн. Сиз дагы ал үйгө келин алып келишиңиз керек, бирок балдарыңыз жана неберелер эмнени көрүшөт?

Атаңыз соо кезинде, ата-энеңизге ал үйдөн кете турганыңызды айтыңыз жана кетип калыңыз. Албетте, депутаттыктан айрылып калуу өкүнүчтүү, бирок мындай үй-бүлө менен сиз кайрадан шайлана албайсыз. Жашсыз, жашооңузду ата-энеңизден алыс куруңуз, көп нерсеге жетесиз. Балким, ошондо ата-энеңизге көбүрөөк жардам бересиз.

Шайлообек Өмүралиев 

«ДемНур» медициналык борборунун директору, психиатр, врач-нарколог 

Аракечтик – бул үй-бүлөнүн оорусу. Баңгизатка же спирт ичимдиктерине көз каранды болгон адамдардын ата-энеси, туугандары ар дайым ой баскан, ызааланган, өкүнгөн, ачуулуу абалда болушат. Мисалы, “күйөөм ушундай болуп калды”,- деп, курмандык позициясында жүрүшөт. Ошон үчүн биринчи кезекте үй-бүлөсүн дарылоо зарыл.

Сасык тумоо менен ооруган адамды тилдесең айыкпайт, бул жерде дагы ошондой эле, урушкандан пайда жок.

Аракечтик оорусунун бир өзгөчөлүгү – моюнга албоо. Буларда “мен аракеч эмесмин” деген коргонуу механизми бар. Ошон үчүн адам оорусун мойнуна албаса, таштоого ниети, мотивациясы болбосо, сүйрөп алып келип дарылаган менен эч нерсе өзгөрбөйт. Медикаменттик дарылоо бул биринчи эле этап. Эң негизгиси мээдеги зомби программаны жок кылуу, тазалоо керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт