Үч жаштагы балам кекечтенип сүйлөп калды, себеби эмнеде? Логопед жооп берет
Саламатсызбы. Логопедке жүрөгүмдү өйкөгөн бир суроо менен кайрылгым келип турат. Балам үч жашта, тили чыгып, бардык сөздөрду айтып калды. Бирок кийинки учурда кекечтенип жатат. Мисалы: а-а-н-н-ан э-э-шик-ке ч-ч-чыгам, - деген сыяктуу.
Эмне кылсам болот? Байкашыма караганда бир айдан бери күчөп баштады.
Рано Бусакова
Логопед
Саламатчылык. Кекечтенүү башка деффектилер сыяктуу эле маал-маалы менен күчөп турат. Коррекциялык иш канчалык эрте башталса, балаңызга көйгөйдү жеңүү ошончолук жеңил болот. Кичинекей балдар үчүн коррекциялык иштер оюн формасында өткөрүлөт.
Алгач кекечтенип баштаганына эмне түрткү болгонун аныктоо зарыл. Андан кийин рецидив болушун алдын алуу максатында баланын эмоционалдык абалын бир калыпта кармоо сунушталат.
Ата-энеси, жакындары, баланын нерв системасы психоэмоционалдык деңгээлде түрдүү өзгөрүүлөргө (стресс, күтүүсүз окялар, ашыкча кубануу) туруштук бере албаганын эске алышы керек. Бул туруксуздукка генетикалык факторлор да таасирин тийгизет, мисалы ата-энесинин начар нерв системасы тукум кууп, баласына да өтөт.
Ошондуктан коррекция учурунда жана аяктагандан кийин дагы балага сак мамиле кылуу керектелет.
Кекечтенүүнү жок кылуу үчүн бир нече адистер комплекстүү иш жүргүзүшөт.
- Врач - невролог
- Клинический психолог
- Логопед
- Баланын ата-энеси жана үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт, интернеттен алынды.
Логопеддин башка суроого жообун бул жерден окусаңыз болот:
“Р” тамгасына эмгиче тилим келбейт, эмне кылышым керек? Логопед кеңеш берет
Кекечтенип сүйлөйм, бул нерседен арыла аламынбы? Логопед жооп берет