Атам ичет, ошого аябай “нервная” болуп калдым. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Кеңеш сурагым келип турат. Атам кичинекей кезимен бери ичет. Түнү менен уктатпай айлабызды кетирет. Анысы аз келгенсип, такыр иштебейт. Өмүр бою апам жалгыз иштеп, баарыбызды багып келет.
Көбүнчө мага тийишип сүйлөйт. Ар бир айткан сөзүнө ачууланып, нерв боло берем. Атаман көңүлүм такыр калган.
Биология эжейибиз “нервные клетки не восстанавливаются” деп айтып калчу эле. Болгону 15 жашта болсом, ушинтип калып каламынбы, “нервная” болуп? Эмне кылышым керек?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Менин сизге боорум ооруп турат. Колдоо көрсөтө турган адамың, өзүн-өзү ичимдик менен талкалап жатканын күндө көрүу өтө кыйын. Аны менен бирге, бир үйдө жашоо андан эки эсе оор. Анткени аракеч өзүнүн эле жашоосун уратпастан, жакындарынын да тагдырына залакасын тийгизет.
Тилекке каршы сиз атаңызды да, анын жоруктарына чыдап жашап келген апаңызды да өзгөртө албайсыз. Бул жашоо алардын тандоосу, өздөрү кабыл алган чечим.
Апаңыз мунун бардыгына чыдап, үй-бүлөнү жалгыз багып келе жатканы да кейиштүү. Келечекте сиз бой жетип калганда, материалдык жактан апаңызга жардам берсеңиз болот. Балдарынан колдоо көрүп турса кадимкидей күч-кубат алат.
Азыр сиз ата-энеңизден көз карандысыз, жана алар түзүп берген шартка, көнүүгө аргасызсыз. Үй-бүлөдөгү окуялар жана мамилелер сизге катуу тийип, нервденүүңүзгө түрткү болуп жатат.
Бирок бул жашоо ар дайым ушу бойдон калат дегендик эмес. Сиз чоңоесуз, өз алдынча жашайсыз, кубанычтуу, таң калычтуу, кызыктуу күндөргө туш болосуз.
Келечекте өзүңүз каалаган, жана сизге жаккан турмуш кура аласыз. Ал эми азырынча өзүңүзгө көбүрөөк кам көрүп, билим алууга басым кылыңыз.
Бактылуу болуңуз!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?