Төрт жаштагы инимдин мурду канай берет. Себеби эмнеде? Педиатрдын жообу
Иним төрт жашта, мурду көп канайт. Күндүз 1-2 жолу, түнкүсүн да. Бирок жалпысынан ден соолугу жашкы. Аллергиядан болушу мүмкүнбү? Эмне кылышыбыз керек?
Елена Халитова
Педиатр
Баланын мурдунун канашынын бир нече себеби болушу мүмкүн:
- Кургак климатта жашаган учурда мурун көп канайт. Ошондой эле үйдүн ичиндеги аба өтө кургак болгондон да болушу мүмкүн. Мурундун ичиндеги былжыр чел кургап, ички тарабындагы майда кан тамырларга жабышып калат. Кан тамырлар ийкемдүүлүгүн жоготот. Чүчкүргөндө же чимкиргенде майда кан тамырлар жарылып, мурун канайт.
- Адатта лор-органдарында көйгөйү бар балдарда кездешет. Биринчи кезекте мурундун бүтүүсү. Мындай учурда мурундун ичиндеги майда кан тамырлар ичкерип, бир аз козгосо эле канай берет.
- Баланын организминде канды уютуучу С, К витаминдери жетишсиз. Мурундун тез-тез канап турушу кан системасындагы көйгөйдүн белгиси болушу мүмкүн
- Бала мурдун улам-улам чукуй берет жана мурундун ичиндеги кан тамырларды жабыркатып койгон.
Башка да себептери болушу мүмкүн. Аларды так аныктоо үчүн баланы педиатрга көрсөтүп, анализ тапшырып, андан кийин билсе болот.
Иниңиз ден соолукта болсун!
Педиатр Елена Халитованы “Семья и здровье” клиникасынан тапсаңыз болот. Клиниканын телефон номери: 0312 910150; 0312 910160; 559 910153, дареги: Бишкек шаары, Сүйөркулов көчөсү 8/3 (Тыныстанов көчөсү менен кесилишет).
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?