// //

Кайын энем эки ай ичинде боюма бүтпөсө үйдөн кууп чыгарын айтты

2020.06.03, 13:03
4854

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Күйөөм апасынын айткандары менен макул окшойт"

Сүйүү менен курган үй-бүлөм бузулганы турат. Эмне кылышты өзүм да билбей калдым. Баарына кайыл болуп ажырашууга арыз жаза берсемби?

Жыйырма эки жаштамын. Бир жыл мурун сүйгөнүмдүн баш кошуу сунушуна макул болгом. Ак жоолугума суктанып күзгүдөн чыкпайм. Жолдошум экөөбүздөн өткөн бактылуу киши жок. Эми минтип, күндөн-күнгө күйөөмдүн мага болгон мамилеси муздап барат.

Кептин кыкасы, балалуу боло албай жатабыз. Анализ тапшырсак баары жакшы чыгат, бирок жыйынтык жок. Барбаган жерибиз калбады. Дарыгерлер “күтүп тургула” дегенден башка эч нерсе айтышпайт. А менин күтүүгө убактым жок. Бери жактан кайын энем тытмалап жатат.

Кудайдын куттуу күнү урушат. “Небере төрөп бере албайсың”,- деп кулак-мээмди жейт.

Баягы күнү чыдай албай өз ата-энеме кылыктарын айтып койдум. “Ажырашып үйгө кел” дешти. Бирок, күйөөмдү катуу сүйөм, “ажырашкан” деген атка конгум келбейт. Бала төрөсөм эле баары өзгөрчүдөй сезилип жатат.

Кечээ чай үстүндө кайын энем мага эки ай мөөнөт берди. Эгер бул убакыт аралыгында боюма бүтпөсө үйдөн кууп чыгат экен. Күйөөмдү карасам унчуккан жок, менимче ал апасынын айткандары менен макул. Эмне кылышты билбей калдым.

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Кымбаттуум, ажырашуу бат эле. Бирок, кайын энеңиздин жүрүм-турумуна көз чаптырсак, мындай жагдайлар көп болот. Эгер күйөөңүз экөөңөрдүн ортоңордо сүйүү болсо, ал бардык талаптарыңызга жооп берсе, анда үй-бүлөңүздү сактап калуу үчүн бар болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонушуңуз керек. Бир жыл өтө кыска мөөнөт, жубайларда баары жакшы болгону менен, азырынча наристе жытын искей албашы мүмкүн. Айталы, аялга тынч чөйрө, чыңалуунун жоктугу, витаминдер же эс алуу керек.

Эки айдан кийин кайын энеңиз сизди үйдөн кууп чыгышы мүмкүн (эгер күйөөңүз экөөң бул нерсеге уруксат берсеңер), анан ал бала төрөй турган кызды табат, бирок анын баласы сүйүүсүз аны менен бактылуу боло алабы? Бул нерсе өзүмчүл аялды ойлондурбайт. Анан баласы ичип, көп басып, үйгө келбей калганда тынчсыздана баштайт.

Күйөөңүз унчукпай, энесин бардык жагынан колдогонуна караганда, ал дагы эле инфантилдүү апасынын баласы жана ал канчалык энесинин жанынан чыкпай аны менен жашоону уланта берсе, ошончолук бала бойдон кала берет, жоопкерчиликти мойнуна алган күйөө боло албайт. Ошондуктан, үй-бүлөлүк жашоонун биринчи күнүнөн баштап, жаштар өзүнчө жашашы керек, көпчүлүк учурда күйөөсүнүн ата-энеси менен жашоо салты көп адамдын мамилесине доо кетирет.

Ошентип, күйөөңүздү өзүнчө жашоого ынандырасыз, балким бирге эс алууга барасыңар, жакшы маанайда болуп, тынчтанып, кош бойлуулукту күтүүгө аракет кыласыз. Күйөөңүздөн бир ай, бир жыл же бир нече жыл күтүүгө даярбы сураңыз. Анан дагы ал сиз менен өзүнчө жашоого даяр бекен билиңиз.

Экөөңөр жай отуруп сүйлөшкүлө. Бирге психологго кайрылсаңар жакшы болот. Ошондо, күйөөңүз апасын гана эмес, бейтараптуу адамды, адисти да угат.

Бүгүнкү күндө кайын энеңиз тукум улоо маселелеринде сабатсыздыгын көрсөтүп жатканы өкүнүчтүү. Бирок, кыязы, ал сизге нааразы, балким, сиз жөн гана бул жөнүндө айткан жоксуз. Ал үчүн кош бойлуулуктун жоктугу сизди үй-бүлөсүнөн жана уулунун жашоосунан четтетүү үчүн шылтоо болуп жатат. Психолог менен иштешкенде, көптөгөн себептер айкын болушу мүмкүн, анын ичинде кызганыч да бар.

Баарын оңдосо болот! Мен ар дайым үй-бүлөнү сактап калууга добуш берем! Албетте, психологдор никени таптакыр сактоону сунуш кылбаган жагдайлар бар. Бирок бул сиздин жагдай эмес. Көйгөйлөрдү чечүү керек. Сизге ийгилик каалайм! Бактылуу болуңуз!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт