Кайын агам зордуктап койду. Анын айыбын айталбай кыйналып жүрөм
Саламатсызбы. Менин суроомду сөзсүз чыгарып бериңизчи, ой басып аябай кыйналып турам. Беш жыл мурун турмуш кургам, тоюбуз бүтөөрү менен күйөөм чет өлкөгө окууга кеткен. Үйдө кайын атам экөөбүз калганбыз. Маңдайыбызда кайын агамдар турушат. Абысыным төрөп ооруканага кеткенде балдарын мага калтырган.
Ошол түнү кайын агам мас абалында келип, мени зордуктап койду. Мен ал тууралуу эч кимге айткан эмесмин, көргөн сайын кыжырым кайнап өлтүрүп салгым келет. Ал болсо эч нерсе болбогондой кеңкейип жүрөт.
Күйөөмө, абысыныма айтайын дейм, ажырашып кетишеби, деп корком. Эмне кылышты билбей турам, өзүмдү жемелеп бүттүм. Эмнеге кылмыш кылган ал, бирок кыйналган мен? Анын айыбын айтууга эрким жетпей турат. Эмнеге мындай?
Камила Юсупова
Психолог
Саламатчылык. Ушундай нерсе башыңыздан өткөнү абдан кейиштүү. Менин сизге боорум ооруп турат.
Биринчи кезекте бул жөнүндө күйөөңүзгө айтып беришиңиз керек. Канткен күндө да ал чындыкты билүүгө тийиш. Сиз анын колдоосуна жана коргоосуна муктажсыз.
Кайын агаңыз менен болгон контактыларды чектөө зарыл. Мында да күйөөңүздүн жардамы керек. Андан тышкары психологго кайрылып индивидуалдуу консультация алууга муктажсыз. Себеби жалгыз мындай соккуну көтөрүү абдан оор.
Ар дайым стресс абалда жүргөнүңүз эмоционалдык ден соолугуңузга терс таасирин тийгизет. Тилекке каршы сизге кат аркылуу жардам берүү мүмкүн эмес, анткени көптөгөн факторлорду жана аспектилерди эске алуу керек.
Кайын агаңыздын аялы менен боло турган мамилеси, ажырашабы же жокпу сизди такыр ойлондурбасын. Андан ары эмне кыла турганын өздөрү чечишет. Сиз үчүн башкысы өзүңүздү коргоп калуу.
Психолог Камила Юсупованы инстаграмдагы @institute_auca_kg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам
Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам
Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши