// //

Акылдуу аял алгысы келген эркектерге 10 кеңеш

2018.11.30, 14:00
5925

Акылдуу айым - эркекти келбетине эмес, акылына карап тандайт. Улуту маанилүү эмес, эң негизгиси чечкиндүү, чынчыл, адептүү болушу керек! Мындай айымды оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан, маданиятсыз мырзалар кызыктырбайт.

Акылдуу жубай издеп жатсаңыз же таап, кантип жагуунун амалын билбей турсаңыз бул кеңештерге кулак салыңыз. 

1. Акылдуу айым өз көйгөйүн өзү чечет, оор басырыктуу болот. Көйгөйлөрүңүздү кайра- кайра айтып тажатып албаңыз. 

2. Акылдуу айымга бирөөнүн жашоосу кызык эмес, ушактан алыс. Эч кимдин артынан сүйлөбөңүз.  

3. Калп айтпаңыз, кыңыр иш кырк жылда билинет. Ачык болуңуз, бирок аша чаап кетпеңиз. 

4. Акылдуу айым позитивдүү жашаганга аракеттенет. Негативдүү ой жүгүртүп, бир нерселерди айтып сарсанаа боло берсеңиз сизден дароо качат. 

5. Акыл үйрөтүп, башкарбаңыз. Акылдуу айым күчтүү эркек издейт, сиз аныкы экенин билгенде өзү баш ийип берет жана сизди колдоп мактап турат, өзүнөн өйдө көрөт.

6. Ата- энеңизди жана бир туугандарыңызды сыйлаңыз. Акылдуу айым "жакындарына кандай мамиле кылса мага да ошондой мамиле жасайт",- деп ойлойт. 

7. Акылдуу айымдар "бакыт тынчтыкты сүйөт" деген түшүнүк менен жашайт. Ортодо пайда болгон түшүнбөстүктөргө эч кимди аралаштырбаңыз, бирөөнө айтып даттанбаңыз. 

8. Акылдуу айымдар - чогуу түшкөн сүрөттөрдү социалдык баракчаларга жарыялабайт, жаман сөздөн, көздөн коргойт. Өзү да маанисиз жеке сүрөттөрүн жүктөбөйт. 

9. Мактанбаңыз, баары бир кыйын экениңизди билет.

10. Акылдуу айым эмгекчил эркектерди баалайт. Жөндөмдүү болуңуз, жумуш ылгабаңыз. Жумуш тапкыча бош жүрө бербей, эшик шыпырып болсо да иштеңиз.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт