// //

Бекинип алып “кудай мени алып кетчи” деп суранчумун. Бир аялдын баяны

2020.06.01, 12:00
1739

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Редакциябызга келип түшкөн бул айымдын бактысыз балалыгы жөнүндө катын жарыялап, психологдун кеңешин сунуштайбыз.

"Турмуш мени ташбоор кылды"

Көпкө ойлонуп, акыры кат жазууну туура көрдүм. Кайсы бирин айтам билбейм. Сөз баштан болсун.

Эс тарткандан бери бул дүйнөдө өзүмдү ашыкча сезем. Акарат угуп чоңойдум. "Бүкүрү" - эң жаман көргөн сөзүм. Эркектерге окшоп басканыма ошентишсе керек. Класстын эң алдыңкы окуучусу элем. Бирок, журналист болом деген тилегим орундалбай калды.

Атам көп ичет. Оозго алгыс сөздөр менен сөгүнөт. Апам экөөнун урушун көрүп бой жеттик. Балалыгымды эстегим келбейт. Эстесем эле, таяк жегеним, бир жерге бекинип алып “кудай мени алып кетчи” деп суранганым дароо оюма келет.

Бул турмуш мени ташбоор, өзүн жек көргөн, жакшы көргөн адамына камкордук көрсөтө албаган, кара мүртөз кылып тарбиялады.

Азыркы жашоом деле жыргатарлык эмес. Биринчи турмушумдан аялдык бакыт сезбедим. Үй-бүлөмдү сактап калуу үчүн аракет кылдым. Бирок, кайра жаман атты болуп, эки баламды ээрчитип балалыгымдагы каниетсиздик, сабырсыздык каптаган үйгө келдим. Ата энем жек көрөт, күнөөлөшөт. Өз апам мени башкаларга ушактайт.

Бирөөгө кыпындай жамандык кылбайм. Колумдан келсе эле адамдарга жардам бергим келет. Калп сүйлөбөйм. Жадакалса, балдарымды сооротуш үчүн алдап алсам ичимен сыздайм.

Айтыңызчы эмнеге өзүмдү жемелей берем? Кантип бактылуу жашайм? Өзгөргүм келет. Басмырлашса жооп кайтарууну үйрөнгүм келет. Өзүмдү сүйүп жашагым келет.

Адис кеңеш берет

Асель Баимбетова, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Катыңызды окудум. Балалыгыңыз бактысыз болгонуна боорум ооруду жана анын кесепети ушул күнгө чейин уланып келатат.

Ооба, тилекке каршы, ушундай шарттарда чоңойгон балдар өздөрү билбей туруп ата-энесине окшогон жубайларды табышат. Бирок жакшы жагы бар: сиз тагдырыңызды өзгөртө аласыз, даттанбастан жана позицияңызды кандай болсо ошондой кабыл алуу менен.

Ал үйгө кайтып барбаңыз, өзүңүздү-өзүңүз камсыз кылууга аракет кылыңыз, батирге чыгыңыз жана балдарыңызды таятасынын терс таасиринен коргоңуз. Буга ишенүү кыйын, бирок жашооңузду өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар, өткөндү карабастан, ата-энеңизден жардам күтпөстөн. Күтүүлөр жана даттануулар сизди күч-кубаттан ажыратат.

Сиз бойго жетип калдыңыз, эми бала эмессиз, ата-энеңиз колунан келгенин берди (тилекке каршы, сүйүү жана колдоо бере алган жок) жана алар сизге эч нерсе карыз эмес экенин түшүнүшүңүз керек. Ата-энелер мыйзам боюнча 18 жашка чейин гана жооп берет.

Күчтүү жактарыңызды чогултуп, алдыга жылыңыз, план түзүңүз, иштеңиз, билим алыңыз. Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн интернетте көп маалыматтар бар. Аларды окуп чыксаңыз кыйынчылыктарды чоң каалоо менен жеңесиз. Мен сизге ийгилик каалайм!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жеңем “дагы экини төрөсөм, бул үйдү мен башкарам” деп күбүрөнүп жатыптыр

Атамдын туугандарынын айынан варенье менен кайнак суу ичип калганбыз

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт