Сүйлөшкөн кызыма ачууланып, апам аны жактырбай турганын айтып алдым
Саламатсызбы. Менин сүйлөшкөн кызым бар, баш кошсокпу деп турабыз. Бирок бир көйгөйду чечүү керек.
Бизди ойлондурганы ата-энебиз каршы болушат. Себеби экөөбүз сүйлөшүп жүрүп, бири-бирибизге таарыныша кеткенбиз, ошондо жиним менен апам аны жактырбаарын айтып алгам. Сүйлөшкөн кызым, ыйлап, менин сөздөрүмдү өз апасына айтыптыр.
Анын үй-бүлөсү каршы чыгаары турган иш, экөөбүздүн дагы эле сүйлөшүп жүргөнүбүздү да билишпейт.
Эми билбей турабыз, кыздын ата-энеси кечиреби? Ата-энемди куда түшүп келгиле, деп жөнөтсөм, анын ата-энеси: учурунда жактырбай, минтип айткан экенсиңер эми кыз керек болуп калдыбы, дешеби? Апаларыбыз кайым айтышып кетеби, деп коркуп жатабыз.
Кандай кылсак?
Асель Баимбетова
психолог
Саламатчылык. Кыз-жигиттин ортосунда конфликттер боло берет, бул нормалдуу көрүнүш. Бирок эки адамдын ортосундагы түшүнбөстүктөргө башка адамдар кошулганда, таптакыр башка формага айланат. Силердин абал так ошондой.
Жаштардын ортосундагы кенедей таарыныч, эки үй-бүлөнүн кармашуусуна өттү. Экөөңөр мамилеңерди башкалардын көйгөйүнө айландыргансыңар, эки жака сөз ташыганыңарды байкаган да жоксуңар.
Ошондуктан кыз-жигит, аялы-күйөөсү ортодо болгон түшүнбөстүктөрдү өздөрү чечкени туура. Ар бир сөзүң, ар бир аракетиң үчүн өзүң жооп берүүгө үйрөнүү керек.
Бул конфликтти чечүү үчүн эки үй-бүлө тең сыйлаган, айткан акылын уккан аксакал киши керек, же куда-кудагыйлар өздөрү жолугуп, бир чечимге келүүгө аракет кылып көрүшсүн.
Ийгилик.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам
Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам
Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши