// //

Айылга, кичүү балага тийсем тагдырым кандай болот? Психологдун жообу

2020.05.28, 11:15
1683

Саламатсызбы. Мен окууну бүткөм, иштейм деген кызмын. Сүйлөшкөн жигитим жакшы, ичпейт, чекпейт. Экөөбуз бири-бирибизди сүйөбүз. Быйыл үйлөнөбүз деп жатат. Ал үйдүн кичүү уулу, айылда кала турган бала. Мен ага тийсем, кийин өкүнүп калбаймынбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.05.2020, 11:18

Асель Баимбетова

Психолог

Келечек кандай боло турганын, кийин өкүнөсүзбү же өкүнбөйсүзбү, сизге эч ким айтып бере албайт. Чечимди өзүңүз кабыл алыңыз, жана кабыл алган тандооңуз үчүн өзүңүз жооптуу болуңуз.

Сүйлөшкөн жигитиңиздин үй-бүлөсүн, алардын карым-катнашын, бири-бирине, келиндерине жасаган мамилесин байкап көрүңүз. Адатта кичүү келиндер күйөөсүнүн бардык туугандарын тейлешет, бардыгына кызмат кылышат. Себеби кичүүлөр ата-энеси менен жашап калышат.

Өзүнчө бөлүнүп кеткен агалары, эжелери ата-энеси менен учурашканы, жамандык-жакшылыкка келип турушат. Аларды тосуп алып, кайра узатуу келиндин милдети катары кабыл алынат.

А балким, анын үй-бүлөсүндө такыр башкача, балким, алар келиндерин сыйлап, ага колдон келген жардамын беришет. Жеке жашоосуна, инисинин аялы экөөнүн мамилесин кийлигишпейт.

Бирок, көбүнчө кичүүлөрдүн жеке жашоосу жокко эсе, алар ар дайым улуулардын пикирин, алардын каалоолорун, айткан сөзүн эске алуу менен жашашы керек. Эгер сиз өз алдынчалыкты, эркиндикти сүйгөн жан болсоңуз, анда ойлонуп көрүңүз, өмүр бою башкалардын айтканы менен болуп, жашай аласызбы? Ооба, деп жооп берсеңиз анда, өз тандооңузду жасаңыз.

Бактылуу болуңуз!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:

Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?

Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам

Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам

Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт