// //

Мага жакшы үй-бүлөдөн куда түшүп жатышат, баш тартсам өкүнүп калбаймынбы?

2020.05.27, 14:06
1479

Мен 16 жаштамын, быйыл 11-классты бүтүрөм. Өзүмдөн 10 жаш улуу бир жигиттин ата-энеси куда түшүп жатышат. Жигит менен бир жылдан ашык сүйлөштүм, эки тарап тең бири-бирин жакшы таанып билишет. Куда түшүп жаткан бала, анын ата-энеси жоош жакшы кишилер, мени жакшы көрүшөт, ар дайым сурап турушат.

Бирок 16 жашымда турмушка чыгып жаңылып калбаймынбы? Ошол эле учурда 4-5 жыл студенттик күндөрүмдү көрөм деп, кийин ушундай жакшы үй-бүлөгө туш келеминби? Эжелерим окуп ал, кое тур дешет. Эмне кцылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.05.2020, 14:07

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатчылык. Сиз болгону 16 жашта экенсиз. Сиз үчүн азыр бардыгы кооз, идеалдуу көрүнүп, реалдуулукка анча маани бербей элесиз. Анын үстүнө өспүрүм куракта гормондор да бурганактап турган кез.

Үй-бүло куруу үчүн адам физикалык жактан эле эмес, психологиялык жактан да жетилүүсү абдан маанилүү. Өзүнүн ордун тапкан адам, өзүнүн ким экенин түшүнгөн аял, үй-бүлөдо бактылуу жар, мээримдү эне боло алат. Бардыгын токтоо кабыл алып, реалдуулук кандай экенин билет.

Кийин ушундай жакшы үй-бүлөгө туш боломунбу, бактылуу боло аламынбы, деп сурап жатасыз. Келечектеги жашоонун кандай боло турганын эч ким эч качан айтып бере албайт, демек эч кандай кепилдик жок.

Чоң, акыл эси токтолуп, эмоционалдык жактан калыптанып калган адамдын баладан айырмасы, ал өзү кабыл алган чечими үчун жоопкерчиликтүү болот. Өзүнүн ички туюмун уга алат, жана кандай кылыш керек экенин так билет.

Кандай болгон күндө да, алгач билим алып, 18ге толгондон кийин турмуш курууну сунуштамакмын.

Бактылуу болуңуз!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:

Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?

Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам

Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам

Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт