Москвадан онлайн ЖРТ тапшырсам болобу? Жол жабылып келе албай калдым
Саламатсызбы! Мектепти 2017-жылы бүткөм. Азыркы учурда Москва шаарындамын. Карантинге байланыштуу Кыргызстанга бара алган жокмун. Быйылкы чоң окуу жайга тапшырайын дегем. Сурайын дегеним ЖРТны онлайн Москвадан тапшырсам болобу?
Чынара Батракеева
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү
Саламатсызбы! Тилекке каршы, ЖРТны онлайн катоо жана онлайн тапшыруу деген жок. Азырынча биз андай деңгээлге жете элекпиз. Москвадан келе албай жаткан болсоңуз, дагы бир мүмкүнчүлүк бар. 20-июнь жана 23-июнь ар бир тест боло турган борборлордо каттоо жүргүзүлөт. 20сы тестке катталып, дароо 21и же 22итест тапшырганга мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан документтериңизди чогултуп, каттоо төлөмүн төлөп, 20-июн каттоодон өтүп, 21, 22си тестке катышсаңыз болот. Же болбосо 23-июнь каттоодон өтүп, 24ү же 25и тест катышсаңыз болот. Ушундай гана жол бар. Тестти тапшыруу үчүн сөзсүз Кыргызстанга келишиңиз керек.
Кененирээк маалымат http://testing.kg/kg/ сайтында.
Бул жерден ЖРТ тууралуу кошумча маалыматтарды окуй аласыз:
Армияга кызмат өтөп келгенден кийин ЖРТ тапшыра аламбы?
Жалпы республикалык тестирлөөгө кантип даярданса болот? Адис жооп берет
Былтыр ЖРТга катталып, бирок барбай калгам. Быйыл акча төлөбөй катышсам болобу?