Он жыл мурун сатып алган участогубузду кантип алсак болот?
Биз 10 жыл мурда участок сатып алганыбыз. Айыл жергесинде жашагандыктан тааныш, тууган деп документин бүтүрбөй жүрө бергенбиз. Эми саталы деп, документи бүтүрүп беришин айтсак "жерди өзүм алам билгениңерди кылып алгыла" деп жатат. Анан дагы "сотко бергиле мен силерге бөлүп төлөп берип отуруп кутулам" дейт. 10 жылдан бери салыгын биз төлөйбүз, жер үлүштүн жанындагы кошуна тууган бүт билет жер биздики экенин. Кантип бүтүрөбүз документин?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Силер жерди сатып алганда тил кат жазып бергенби жана күбөлөр барбы? Эгерде жерди саткандыгы боюнча тил кат болгон болсо, анда сатып алуу келишиминин фактысын аныктап берүү жөнүндө сотко доо арыз менен кайрылсаңар болот. Бул ишти алып баруу үчүн кесипкөй юрист же адвокат жалдап, келишим түзсөңөр жакшы болот.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?