// //

Атам үйдү балама өткөрүп берсе, эч ким талаша албайбы? Адвокат жооп берет

2020.05.26, 10:48
1262

Саламатсызбы. Учурда атамдын үйүндө жашайм. Атам үйдү керез кылып, небересине (менин балама) нотариус аркылуу өткөрүп берди. Бул үйдү эч ким талаша албайбы? Аялым, бул жөн гана кагаз, деп ишенбей жатат. Ушул боюнча так маалымат берип коесузбу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.05.2020, 10:49

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Саламатчылык. Ар бир адам өз мүлкүн мыйзам чегинде пайдаланганга жана никеси катталган жубайынын уруксат берилген арызынын негизинде, өзү каалагандай колдонууга укуктуу. Андыктан көзү тирүү кезинде нотариус аркылуу мүлкүн небересине өткөрүп берүүгө толук акысы бар.

Анын жеке менчигин эч ким талаша албайт. Эгер көзү өтүп кеткенден кийин, келишим кандайдыр бир процессуалдык талаптарды бузуу менен өткөрүлүп калса, ошонун негизинде жокко чыгарылышы мүмкүн.

Андыктан, мындай көрүнүштү алдын алуу үчүн келишимди адискөй юристке көрсөтүп, текшертип алсаңыз ашыктык болбойт.

Ийгилик!

Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?

Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?

Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт