// //

Ажырашкан эркектер менен тааныштыргысы келгендер тоюмда бийлеп жүрүштү

2020.05.21, 11:58
6362

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Тоюма бир эле курбумду чакырдым"

Студенттик кез. Биринчи курс. Өзүм теңдүү бир жигит менен тааныштым. Дароо жактыруу сезими пайда болду. Кыз-жигит болууну чечтик. 

Курбаларым четинен күйөөгө тие баштады. Жолуксак негизги темасы мен: “качан тиесиң”, “аныңдын сага үйлөнө турган кейпи жок окшойт”, “сүйсө мынча жыл күттүрмөк эмес” ж.б. Чындап эле, экөөбүз бир да жолу турмуш куруу тууралуу сөз кылбаптырбыз.

25ке чыктым. Кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө туптуура жети жыл толду. Колумду сураган жок. Эмнеге? Көңүлү башкадабы? Суроолор көп. Элдин сөзүнө чыдай албай баштадым: “сени пайдаланып жүрөт”, “таштап кетет”, “жашың өтүп баратат”ж.б.

Ажырашкан эркектер менен тааныштырууга аракет кылып башташты.

Сабырдуу болоюн дедим. Анын үстүнө элдин сөзүнө кирип сүйбөгөн бирөөгө турмушка чыгып, өмүр бою бактысыз өткүм келген жок. Эң башкысы жүрөгүм жигитимден башканы карабай койду.

Баарынан тажадым. Мени түшүнгүсү келбеген адамдар менен ушунча жыл дос болгонума өкүндүм. Мен үчүн дос – бул сени колдогон адам. А меникилерчи, табалап артымын сүйлөшөт, жарама туз себишет. Үйдөн чыкпай жата берчү адат таап алдым. Оо кудай, бир жеңем “жигити албай, үйүндө ыйлап жатат” деп туугандар арасына ушак таркатып жибергенге үлгүрүптүр. Эмне болсо, ошо болушсун. Эч кимдин сөзүнө маани бербей эле коюнун чечтим.  

Баса, жигитим жөнүндө айтпай калган турбайынбы. Ал өтө боорукер, сөзүнө турган, ар бир каалоолорумду аткарган, ооруп калсам түндөсү жетип келген адам. Анан кантип башкага кетип калам. Экөөбүздүн сезимди эч ким түшүнө албайт.  

Ошентип дүйнө жүзүн күттүргөн үйлөнүү тоюбуз болду. “Туфлиден бутуң ооруган жокпу”, “эмне тамак жебей жатасың”, “кел бул салаттан салып берейин”. Жигитим жанымда көзүмдү карап отурат.

Музыка. Бий. Ыр. “Сени албайт, ал өзүнө теңдүү бай жерден кыз издеп жүрөт” деген туугандарым каалоо тилек айтып жатышат. Улам бир келип бетимден өөп, кайын-журтумду мактап кетишет. Курбуларымдан бирөөнү эле чакырдым. Ал эң сонун адам, бирөөнүн жашоосуна кийлигишпейт, орус мүнөз, эки жүздүү эмес.

Кайын-журтум өз кызындай кылып кабыл алды. Бактылуумун деп мактангым келбейт. Балким алдыда тоскоолдуктар, кыйынчыктар күтүп турат. Эң башкасы керексиз адамдарды артка калтырып, ар бир кыйынчылыкты сабыр менен жеңгенди үйрөндүм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт