Мага жаккан жигитке биринчи жазсам болобу? Психологдун кеңеши
Мен 21 жаштамын. Бир жыл мурун бир жигит менен бир аз сүйлөшүп жүрдүк, кийин кабарлашпай калдык. Арадан бир топ убакыт өттү, бирок аны унута албай кыйналчу болдум.
Эч ким менен сүйлөшкүм келбейт, эч нерсе көңүлүмө жакпайт. Бассам, турсам ошону ойлоно берем. Мага ал да мени ойлогондой сезиле берет.
Эмне кылсам? Мен ага биринчи жазсам эмне болот?
Камила Юсупова
Психолог
Жазганыңыз үчүн рахмат. Сиздин сезимдериңиз нормалдуу нерсе. Адамга бирөө жакканда, аны менен көпкө жолукпаса, кайгыга батканы кадимки көрүнүш.
Түшүнгөнүмө караганда сиз ага биринчи жазгыңыз келип жатат, анан бул кылганым туурабы же туура эмеспи, деп сурадыңыз. Бул суроого сизден башка эч ким жооп бере албайт.
Балким кыздын биринчи кадам жасаганы туура эмес, деген ойдосуз? Ал сизди шылдың кылса, же сезимдериңиз жоопсуз калса кантем, деп чоочуркап жатасыз.
Бул ситуация оор экенин түшүнүп турам, бирок бардыгы сиздин колуңузда. Тынч отуруп, шашпай ойлонуууга убакыт табыңыз. Өзүнүздүн ички туюмуңузду тыңшаңыз, чындап каалап турган нерсени ишке ашырыңыз.
Ийглик!
Психолог Камила Юсупованы инстаграмдагы @institute_auca_kg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам
Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам
Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши