Иттин шилекейи тийип калган кийим менен намаз окуса болобу?
Саламатсызбы! Иттин шилекейи тийип калган же ит жалап койгон кийим менен намаз окуса болобу?
Кадыр Маликов
Теолог
Ит жалап койгон же шилекейи тийип калган кийим менен намаз окуса болбойт. Анткени, иттин шилекейи “нажис”, тактап айтканда таза эмес болуп эсептелет. Эгер сыртта сейилдеп жүргөндө же үйүңүздөгү ит сизди жалап койсо, ал жалаган жерди жакшылап кир жуучу каражаттар менен жууш керек. Ошондой эле заманбап медицина иттин шилекейинде микробдор көп экенин тастыктаган. Намаз окуп жатканда кийимдер таза болуш керек.
Бул жерден теологдун башка суроолорго болгон жоопторун окуй аласыз:
Орозодо эмне кылса болот жана болбойт? Теолог Кадыр Маликов жооп берет
Саарлыкта ооз жаппай калса эмне болот?
Орозо кармагандар үчүн: эмнелерге уруксат берилет жана тыюу салынат