// //

Орозо кармагандар үчүн: эмнелерге уруксат берилет жана тыюу салынат

2019.05.06, 11:34
6931

Аалымдар кеңешинин мүчөсү, теолог Кадыр Маликов орозо кармагандарга эмнеге уруксат берилип жана эмнеге тыюу салынарын айтып берди. 

Бул иш-аракеттер орозону бузбайт:

  1. Оозу бек экенин унутуп калып ичип же жеп алса (бирок, орозо экенин эстегенде дароо токтотушу керек)
  2. Кулакка дары тамчылатуу (же жуунуп жаткан учурда кокустан кулактарга суу кирип кетсе)
  3. Көзгө тамчылатуучу дары же контакт линзалар
  4. Никотин пластырларын, кремдерди, дезодорант жана башка косметикалык каражаттарды же зайтун майын колдонуу
  5. Жубайлардын тийүүсү (прикосновение) же өбүүсү
  6. Негизсиз уруктун чыгышы же унутуп калып жыныстык катнашка баруу
  7. Мисфак же тиш паста колдонуу (жутуп алуу коркунучу жок болсо)
  8. Кан анализи жана хиджама, же кан алуунун кандайдыр бир ыкмасы
  9. Кордолгон абалда орозо кармап баштоо
  10. Инъекция, кан куюу, бөйрөктүн диализи же тамызгыч аркылуу кээ бир дары-дармектерди куюу
  11. Тишти дарылатуу же жулдуруу (дарыны жутуп алуу коркунучу жок болсо)
  12. Лапароскопия же башка хирургиялык кийлигишүү
  13. Кокусунан же атайлап кусуу (оозго бүт толтурбастан)
  14. Кокусунан кустуруучу массаларды ичип алуу
  15. Билбей түтүн же чаң жутуу
  16. Өзүнүн шилекейи менен какырыгын жутуу (тамакка түшүп кеткен болсо да)
  17. Жуунуу (суу мурунга же тамакка кирбеши керек)
  18. Аялдын интимдүү органдарына дары киргизүү же гинекологго көрүнүү (мисалы, уяттуу органдардын башкаларын да изилдөө)
  19. Ушак же жалган.

Бул иш-аракеттер орозону бузат:

  1. Билип туруп тамактануу же суу ичүү
  2. Атайлап тиш пастаны же ооз чайкоочу суюктукту жутуу
  3. Тиштердин арасында калып калган тамак-ашты атайлап жеп коюу (өлчөмү бир нокоттой болсо да)
  4. Назалдык тамчылатмаларды колдонуу (мурунга дары тамчылатуу)
  5. Ооз аркылуу ар кандай дары кабыл алуу
  6. Медициналык ингаляторлорду пайдалануу
  7. Түтүндү билип туруп жутуу (мисалы, тамекиникин)
  8. Күндүзү билип туруп жыныстык катнашка баруу
  9. Эндоскопиялык текшерилүүдөн өтүү (анткени, ооз же көтөн чучук аркылуу киргизилген зондко дары сүйкөлөт).
  10. Көтөн чучук аркылуу кээ бир заттарды киргизүү (мисалы, клизма).

Эскертүү: Орозо күнү атайлап жеп-ичүү жана жыныстык катнашка баруу каффарды (60 күн бою үзгүлтүксүз орозо кармоо) талап кылат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
06.05.2019, 13:59

Айыз келип кеткенден кийин..ошол кундорду карыз кылып кармайбызпы?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт