// //

Төшөктөгү муздак келинчегимден экинчи аял алууга уруксат сурайын деп жатам

2020.05.14, 12:19
11302

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Өзүн Элдар (аты өзгөртүлдү) деп тааныштырган мырза 30 жашта. Алты жыл мурун сүйүктүүсүнө үйлөнгөн. Эки уулдун атасы. Элдар учурда бактысыз, анткени аялы төшөктө алсыз. 

- Жубайым экөөбүздүн ортобузда бактылуу үй-бүлөгө эмне керек болсо баары бар. Бирок, төшөк маселесинде ал мага караганда бир топ алсыз. Бат эле чарчайт, мен тойбой калам. Бул жол менен ашып кетсе 2-3 жыл жашай алчудаймын.

Элдар экинчи аял алууну ойлонуп жүрөт. Бирок, үй-бүлөсүн таштагысы келбейт, балдары атасын күндө көрүп чоңоюшун каалайт.

- Келинчегимден муктаждыгымды кандыруу үчүн бирөөгө барып турууга уруксат сурайын деп жатам. Билгизбей кылсам болот эле, бирок кудайдан корком жана жубайымды сыйлайм. Бир жалгыз бой айымдан экинчи аял болууга сунуш түштү: «Мага сенден эч нерсе кереги жок. Жумасына эки жолу келип турсаң болот.» Эми эмне кыларымды билбей турам. Тапкан акчаларымды үйгө ташып, ал эми каалоолорумду экинчи аялыма барып аткарып турган жакшы чечим болобу?

Элдар мырзанын суроосуна жооп алып берүү үчүн адистерибиз менен байланыштык. Теолог Кадыр Маликов физикалык каалоо үчүн экинчи аял алуу туура эмес экенин айтты:

- Куранда төрткө чейин аял алууга уруксат берилген. Бирок, экинчи ирет үйлөнүүнүн себеби физикалык каалоо эмес, андан өйдө болуш керек. Айталы, эки аялына тең адилеттүү мамиле жасап, эч нерседен кем кылбай камсыздап, балдарына татыктуу тарбия берип, жоопкерчилик алууга көзү жетсе гана уруксат берилет. Ошондой эле, биринчи никени бузуп, экинчисин курууга болбойт. Эркек мындай кадамга барардан мурун аялы менен сүйлөшүп, жакшылап ойлонушу керек. Себеби, бул чоң жоопкерчилик жана кудай алдында жооп берет.

Сексолог Наталья Ивахниктин айтымында психотерапияда Элдар мырзанын жеке процесси девлекция деп аталат. Дефлексиянын маңызы бул энергияны багытталган объекттен буруу (аялынан) жана ыңгайлуу, коопсуз объект менен муктаждыктарды канааттандыруу. Мындайча айтканда, маанилүү мамилени буза турган эмоционалдык чыңалуудан коргонуу.

- Буга ачык мисал - япондор. Алар эмоционалдык разрядка үчүн үчүн боксерлордун "грушасын" урушат. Бул жетекчиге нааразычылыкты айтуудан кыйла коопсуз. Экинчи аялы - "грушага" окшош, жумасына эки жолу келип, муктаждыктарын канааттандыра алат. Анын үстүнө, ага эч нерсе керек эмес.

Сексолог экинчи аял алуу жөнүндө чечим кабыл алаардан мурун, учурдагы аялы жана жеке процесси менен болгон мамилени чечүү маанилүү экенин белгиледи.

- Баш кошкондоруна алты жыл болуптур. Жыныстык катнашта аялы өзүнөн алсыз экенин жазып жатат. Бирок өзүнө караганда алсызыраак аял алуу анын жеке чечими болгон. Жубайлардын ортосунда болуп жаткан нерселер үчүн жоопкерчилик 50:50. Эгерде сезимдер, бири-бирине болгон урмат-сый бар болсо, анда ар дайым сүйлөшүп, компромисске келсе болот. Эгер эч кандай сезимдер жок болсо, анда мындай мамиленин эмне кереги бар?

Төшөк маселесинде көйгөйдүн пайда болушуна жубайлардын экөө тең күнөөлүү. Бирок ар бир көйгөйдү чечүүгө болот. Мисалы, психолог Тамара Воронцова жыныстык катнаш үчүн аялына чыккынчылык кылуу баарына зыян келтирерин айтат.

- Жыныстык катнашты каалабоо, баш тартуу – бул аялдын чарчагандыгы. Алты жыл бою эки ​​бала – бул  аял үчүн эс алуусу жок үч смена. Көбүнчө кош бойлуулук мезгилинде жана төрөгөндөн кийин 6-12 айга чейин, калкан безинин гормондорунун төмөндөшүнөн улам жыныстык катнашты каалабоо болот. Бул төрөттөн кийинки депрессия деп аталат. Элдар мырзага мындай кеңеш бере алам: аялыңызды түшүнүңүз, балким сизге нааразычылыктары бар, ачык сүйлөшүңүз, ага эс алууга көбүрөөк убакыт бериңиз, комплимент айтыңыз, кафеге алып барыңыз, гүлдөрдү жана белектерди бериңиз. Кыскасы, 6 жыл мурун кам көргөндөй кам көрүңүз, өмүр бою ага кам көрүңүз. Аялдарда секс "башынан" башталат.

Ошондой эле психолог  жумасына эки жолу келип турууну сунуш кылган аял эки жүздүүлүк кылып жатканын айтты. Бул мамилелердин башталышы гана, кийин ал аны менен болуу үчүн баарын жасайт.

- Жакшысы бир эле сүйүктүү адам менен жыныстык мамиле түзүп, аны өрчүткөн туура. Вариациялар абдан көп жана жыл өткөн сайын, жубайы менен болгон секс ар тараптуу жана кызыктуу болот. Бул жерде эркектин чеберчилиги көрсөтүлөт: өнөктөш өзгөртүп жана жаңы бир нерсе издеп эмес. Ошондой эле бул мырза уулдары атасынан үлгү алаарын, атасы алардын акыл-эсинде жүрүм-турумдун үлгүсүн түзүп жатканын, алар кичинекей жана эч нерсени түшүнбөгөндөй көрүнгөнү менен баары программа катары камтылып калыптана берерин эсинен чыгарбашы керек.

Психолог Тамара Воронцова жана сексолог Наталья Ивахник Элдар мырзага жубайы менен чогуу психологго, сексологго кайрылып, психотерапевтикалык жардам алууну сунуштады.

Нурислам Раимжанова, "Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи:

- КРнын Жазык Кодексинин 179-беренесинде эки же андан көп аял алуу боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралган: коомдук иштерге, түзөтүү жумуштарына же айып пул салууга жазаланат.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт