// //

Кудагыйларды чачташат экен десек, “тагдырыбыз бир турбайбы” деп дос болуп алышты

2020.05.12, 15:39
6848

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Оңою менен бирөөнү жактырышпайт"

Экөө ээрчишип эс алууга кетишкен. Кызык, эмне кылып жатышат болду экен?

Кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө төрт жыл болуп калды. Бирок, бири-бирибиздин апаларыбыз менен тааныша элекпиз. Атүгүл, мамилебиз тууралуу билишпейт. Себеби экөө тең бизге "мен айткан адам менен турмуш курсаңыз",- деп талап коюшкан. 

Кыялардары чорт. Оңою менен бирөөнү жактырышпайт. Айткандарын аткарбасаң, өлдүң дей бер. Жадакалса, жакын туугандары коркуп, үйгө көп келишпейт. Кыскасы, өзүнүкүн бербеген, өжөрлөр.

Сүйлөшкөн кызым экөөбүздү апаларыбыз жалгыз чоңойткон.

Болочок кайын энемди болсо сүрөттөн көргөм. Шумдугуң кур, апама эле окшош. Мүнөзү кандай экенин көз караштары эле айтып турат.

- Меники бир нерсе жакпаса туруп басып кетет.

- Ой меники деле, бирөөгө башын ийип, кулдук урбайт.

Акыры ачыкка чыгууну чечтик. Болочок кудагыйларды жолуктура турган жерди таптык. Өзүнчө кабинкалары бар кафе. Бир нерсе болсо, эл көрбөсүн деген ой да.

Экөө тең кечигип жатышты. Бир убакта болочок кайын энем кирип келди. Ала келген гүлүмдү бердим. Мына, апам келатат. Оо, кудай сактай көр. Жүрөгүм сыртка чыгып кетчүдөй дүкүлдөйт. Эч ким сүйлөбөйт. Дагы жакшы официант келип буйрутма ала баштады.

“Силер таанышып тургула, биз барып тамактар эмне кечигип жатканын сурайлы”,-деп, кызым экөөбүз туруп кеттик. Келсек каткырып күлүп сүйлөшүп жатышыптыр. Орундарын да алмаштырып, бири-бирине жанаша отуруп алышыптыр. Бул жерге эмне үчүн келгенибизди унутуп коюшкан сыяктуу. Тойду сурасак, “кое тургулачы”,-деп коюшту. Кеч кире баштаганда, кызым экөөбүздү үйгө жөнөтүп жиберишти.

“Кудагый экөөбүздүн турмушубуз окшош экен”,- деп, апам кирип келди. Кандай жакшы аял экенин айтып кечке отурду. Бир аздан кийин кызым чалып, анын да апасы меникин мактаганын айтты.

Той болду. Апаларыбыз “мындан ары турмушуңарга кийлигишпейбиз, өзүңөр каалагандай жашагыла”,- деп, баталарын беришти. Көп өтпөй экөө эс алууга кетип жатканын айтып таң калдырышты.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт