Жигитиме мурункудай сезимим жок, бул тууралуу ага кантип айтсам болот?
Саламатсызбы. Силердин кеңешиңизге муктажмын. Бир жигит менен тогуз ай сүйлөшүп жүргөнбүз. Жаңы эле таанышып, жолугушуп баштагандан кийин, бир жума өтпөй үйлөнөбүз деген сөздөрүн айта баштаган.
Ал кезде мен аны сүйүп жүргөм, ошондуктан “ооба” деп койгом. Бирок азыр, такыр сезимдерим калбай калды. Ал мага “эми менден кутула албайсың” деп айтат. Үйүндөгүлөрдүн бардыгы мени тааныйт экен, сүрөтүмду көрсөтүптүр.
Мен аны сүйбөй калганымды кантип айтам? Сезим жок болгондон кийин сүйлөшпөй эле коюш керекпи? Сураныч, кеңеш бергилечи?
Асель Баимбетова
Психолог
Саламатчылык. Сезимиңиз жок болсо, каалооңуз жок болсо, кеңеш сураштын канчалык зарылчылыгы бар? Көңүлүг жакпай турабы, мамилени токтоткула.
Ага кантип айтам, деп сурап жатасыз. Болгонун болгондой айтасыз, бирок ал жигиттин мүнөзүн эске алуу керек. Эгер анын агрессивдүү экенин билсеңиз өзүңүздүн коопсуздугуңузду камсыздаңыз. Жолугушууга байкеңиз, эжеңиз же жакын курбуңуз менен бирге барыңыз.
Менден кутула албайсың деп айтып, мамилени күчкө салып улантып жатса, аны менен кыз-жигит болгуңуз келбегени да нормалдуу реакция. Каалооңуз жокпу, макул болбоңуз. Сиздин буга толук акыңыз бар.
Ийгилик!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам
Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам
Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши