Кыздар аскердик кызмат өтөсө болобу? Полковник жооп берет
Саламатсызбы. Кыздар аскердик кызмат өтөсө болобу? Алар аскердик бөлүктө ким болуп иштешет?
Гүлзат Жарашева
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси, полковник
Саламатчылык. Ооба, кыздар куралдуу күчтөр бөлүмүндө офицер болуп, же контракттык негизде кызмат өтөсө болот. Адатта “связист”, медик болушат, көпчүлүгү иш өндүрүү (делопроизводство) багытында иштешет.
Бирок бул кызматтарда иштөө үчүн аскердик бөлүктө бош орун болушу керек. Орундун бар-жогун аскердик бөлүктөн билсе болот.
Ал эми офицер болуу үчун Жогорку Аскер окуу жайын бүтүрүү керек. Биз жыл сайын квота менен кыздарды Россия жана Кытайдын аскердик окуу жайларына жөнөтүп турабыз. Тилекке каршы, быйыл коронавируска байланыштуу ишке ашпай калды.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Аскерде кызмат өтөө тууралуу дагы маалыматты бул жерден окусаңыз болот:
Азыркы учурда аскерге алып кетеби же жылдырылабы? Полковник жооп берет