Мурунку күйөөм кызымды бир күнгө алып кетерин айтып, жумалап бербей коет
Саламатсызбы! Күйөөм менен ажырашкам. Ортодо бир кызыбыз бар. Бир күнгө алып кетем деп, жумалап беребй коет. Ар дайым ызы-чуу менен барып алып келем. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Биринчиден, кызыңыздын жашоо ордун белгилеп алуу боюнча сотко доо арыз тартибинде кайрылсаңыз болот. Тактап айтканда, “кызым мени менен жашасын” деген жагдайларды көрсөтсөңүз, сот доо арыздын негизинде тараптардын катышуусу менен (өзүңүз, жолдошуңуз, социалдык коргоо уюму) кызыңыздын жашоо ордун аныктоо боюнча иш алып барат. Эгер сот кызыңыз сиз менен жашасын деп чечим чыгарса, атасы кызыңызды бербей койгон учурда, жаңжал чыгарбай эле милицияга же сот аткаруучуларга кайрылсаңыз, алар кызыңызды алып берет.
Экинчиден, кызыңыздын өсүп-өнүүгүүсүнө атасы менен болуу терс таасир берсе, анда Үй-бүлө Кодексинин негизинде кызды атасы менен жолуктурбай койгонго укугуңуз бар.
Ал эми үчүнчү жагдай, жолдошуңуз менен баланы качан көрсөтөсүз, канча убакытка алып кетет, келишимди бузганда эмне болот деген шарттарды баяндап, ортодон келишим түзүп алсаңар болот.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?