// //

Сүйүү каттары: Жигиттер да ыйлайт

2018.11.27, 17:50
4013

Чыныгы эркектер ыйлабайт десеңиз жаңылышасыз. Болгону жигиттер сезимдерин ачыкка чыгарууну жактыра беришпейт.

Биз тааныш жигиттердин сүйүктүүлөрүнө жазган каттарын окуп көрдүк. Анонимдүүлүктү убада кылып жарыялоо укугун алдык.

Сүйүү вирусун жуктурганыма бир ай болду

Түнкү саат эки.  Баары уктап жатат. А мен ойгомун. Потолокту карайм, кайра оодарылып телефонумду чукулайм. Акыркы 20 мүнөттөн бери ушинтип жатам. Оюмдан кетпей койдуң. Бирөө көрсө мени анык жинди деп ойлойт. Билбейм, сени эстесем эле жүзүмдө жылмаюу пайда болот. Өзүмдү кичинекей баладай сезип жатам. 

Ордуман турдум. Терезеге жакындадым. Эмнеге билбейм. Сыртты карадым. Сага жазгым келди. Уктап жаткандырсың. Ойготуп алам деп чочуладым. Эки жумадан бери “Салам” деп 1000 ирет терип, 1000 ирет өчүрдүм. Жооп бербей коёсуң деп корком. Тамак да ичким келбей калды. Апамды кыйнап койдум окшойт. Байкушум, мени ооруп калса керек деп жатат. Мен оорулумун. Сүйүү вирусун жуктурганыма бир ай болду. Дарысы сенин колуңда. Кой жатайын. Эртең жазам, сөзсүз жазам, жазбасам эркек эмесмин.     

Кайрат, 18 жаш

Күндөлүк барактарынан

1-октябрь, 2018-жыл, саат 22:03

4 жума. Бугүн сени көрбөгөнүмө 4 жума болду. Унута элекмин. Кокус көрүнө калсаң, баарын башынан баштамакмын. Көрүнбө. Суранам, көрүнө көрбө.

Үйгө келээрим менен диванга кулайм. Сен жөнүндө ойлор, кечкисин мени ушинтип кулатат. Башым оор, жүрөгүм бош.

“Сен жок деле бактылуу боло алам” дегенсиң. Азыр бактылуусуңбу?

Акылбек, 22 жаш

Сулуу эмессиң, бирок сүйөм

Чарчадым. Уффф... Болду сагынбайм. Сагынсам да айтпайм, мындан ары күлүп жүрөм. Көрөсүң, ошондо кыйналасың. Эмнеге ал, а мен эмес... Таарыныч ичимден жеп жатат. Сен аны ээрчип кеттиң. Ал менчелик сүйбөйт. Муну билсең деле керек. Кайра келсең кабыл албайм. Сүйсөм да кабыл албайм. Сулуу деле эмессиң, акылдуу деле эмессиң. Мени эмне кылып койдуң? Сага тартыла берем. Сүйүп калганымды мойнума алгым келбейт. Албайм. Сен аны ээрчип кеттиң. Кийин өкүнөсүң. Күнөө өзүңдө. Мен кеттим. Рейсим келип калды.

Тынар, 24 жаш

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт