Боюм өтө узун, ошондон уялып бүкүрөйүп басам. Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Кичине кезимен бери боюм аябай узун, ошондон уялып бүкүрөйүп басам. Азыр 22 жашка чыктым, боюм 180 сантиметр. Көп эле жигиттер сезимдерин билдиришет, бирок өзүмөн кичине балдардын жанына баса албайм.
Бул комплекстен кантип арылам?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатсызбы. А эмне үчүн сиз кыздардын бою бийик болбош керек деген ойдосуз? Мындай эрежени кайдан уктуңуз?
Боюңуздан бала кезиңизден бери уялсаңыз, демек, кимдир бирөө сизге ошону ишендире айткан. Бул ишеним сизди бактысыз кылып келет.
Ооба, сиз өмүр бою боюңуздан уялып, кичине болсо да узундугуңузду жашыруу үчүн бүкүрөйүп жүрсөңүз болот. Бирок айтыңызчы, уялып, комплекс болгонуңуз сизге жардам берип жатабы? Өзүңүзгө болгон ишенимди көбөйтүүдөбү?
Ошол эле учурда өзгөчөлүгүңүздү табият тартуулаган белек катары кабыл алып, башты бийик көтөрүп жашасаңыз болот. Бул сиздин жеке тандооңуз жана чечимиңиз.
Мен сизге бир эксперимент жасап көрүүнү сунуштайм. Эртең менен туруп, күзгүгө каранып, түзөнүп, кере-кере дем алып, өзүңүздү кандай болсоңуз ошо бойдон, турган турпатыңыз менен кабыл алыңыз. Бир күн кечке башты бийик көтөрүп, боюңузду түз кармап басыңыз. Улам-улам мен өзүмдүн боюм менен сыймыктанам, бул менин өзгөчөлүгүм, деп ичиңизден кайталаңыз.
Эгер жакпаса, кайра эле мурунку абалыңызга кайтып келсеңиз болот. Бүкүрөүп, кайгырып, капаланганыңызды уланта бересиз.
180 сантиметр бул нерсени эч качан өзгөртө албайсыз. Демек, өзгөртүүгө мүмкүн эмес нерселерге мамилеңизди өзгөртүшүңүз керек.
Ийгилик!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?