Трубамды буудургандан кийин этек кирим келе элек
Саламатсызбы! Менин эки трубам буулган. Төрөгөнүмө тогуз ай болду. Этек кирим жети айында бир келген, ошол бойдон жок. Бул эмнеден болушу мүмкүн?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Этек кирдин келүүсү трубанын байланганы менен байланыштуу эмес. Трубаны буудургандан кийин жумурткалар сакталган болсо, этек кир келе берет. Дарыгерге барып, УЗИ контролдон өтсөң, айызың эмне үчүн келбей жатканы так эле көрүнөт. Сени толук текшергенден кийин, дарыгер дагы жакшы кеңешин бере алат.
Бул жерден трубага байланыштуу макаларды окуй аласыз:
Эки трубам ооруп, жагымсыз жыттанган суяктук келип жатат
“Трубамды” алдыргам, ошондон бери жакшы баса албай жатам. Гинекологдун кеңеши
Бир “трубамды” алып салышты. Төрөй аламынбы? Гинеколог жооп берет