“Трубамды” алдыргам, ошондон бери жакшы баса албай жатам. Гинекологдун кеңеши

2019.12.04, 11:08
254

Бир жыл мурда “трубама” боюма бүтүп калыптыр. Сол “трубамды” алдыргам. Ошондон бери табарсыгым ооруйт, ичинде бир нерсе бардай сезиле берет. Катуу баса албайм, капталыман жата албайм.

Врач санаторийге барып дарыланышың керек деген болчу. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.12.2019, 11:09

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Сизде “спайка” башкача айтканда бүтөлүп калуу оорулары орун алышы мүмкүн. Жатын түтүктөрүнүн бүтөлүп калышына төмөнкүлөр себепкер:

  • жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулар;
  • жыныс органдарындагы сезгенүү процесси;
  • жатын түтүктөрүнүн эндометриозу.

Андан сырткары төмөнкү факторлор да “спаечный процесстин” өнүгүшүнө өбөлгө болот:

  • баш аламан жыныстык катнаштар;
  • инвазивдик кийлигишүү (аборт, кесарево, ж.б. операциялар);
  • табигый биоценоздун бузулушу (узак убакыт антибиотик ичүү, стресс болуу, иммунитеттин төмөндөшү).

Сизге чындап эле санаторий-курорттук дарылануу керек. Бирок, алдын ала текшерүүдөн өтүп, бардык анализдерди тапшырып, доктурдан уруксат алыңыз.

Ден соолукта болуңуз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт