// //

Бир “трубамды” алып салышты. Төрөй аламынбы? Гинеколог жооп берет

2019.09.09, 09:45
1668

Мен 25 жаштамын. Биринчи жолу “внематочный” болуп калып, бир “трубамды” алып салышты. Экинчи “трубада проходимость” аз экен. Бирөөсү менен балалуу боло аламынбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.09.2019, 09:46

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Ооба, бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү азайганы менен, бир жатын түтүгү менен да төрөөгө болот.

Жатындан сырткары (внематочный) бойго бүтүп калуу – бул жамбаш сөөк органдарында өнөкөт сезгенүү (воспаление) болушунун натыйжасы. Ошондуктан жолдошуңуз менен бир дарыланып, сезгенүү процессине себепкер болгон инфекциялар менен күрөшүү зарыл.

Аны өз кезегинде дарылабаса спайкага алып келет. Жыйынтыгында бойго бүтүү функциясы жокко чыгат.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН: Спайка – бул курсактагы органдардын ортосундагы бириктирүүчү ткандын өсүп кетиши. Анын натыйжасында жатын, жатын түтүктөрү, жумурткалар, ичегилер бири-бирине жабышып калат. Органдар өзүнүн табигый функцияларын аткара албайт.   

Заманбап медицинанын мындай паталогияларды убагында аныктап, дарылоого дарамети жетет. Ден соолугуңузга жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
10.09.2019, 04:04

Мен биринчи баламды кесардык кесуу жолу менен торогом арадан жети жыл отту азыр кош бойлуумун озум торой аламбы?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт