// //

Акыркы күндөрү бат ачууланып, эч нерсени жактырбай калдым. Психологдун кеңеши

2020.04.26, 15:10
1632

Саламатсызбы. Мага силердин жардамыңар керек. 21 жаштамын, студентмин. Акыркы күндөрү бат ачууланып, эч нерсени жактырбай калдым. Бирөө бир нерсе десе эле жиним келе берет. Мындайча айтканда псих болуп баратам. Улана берсе бирөөгө зыян кылып коемунбу деп корком.

Кеңеш бериңизчи, эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.04.2020, 15:12

Мария Самсонова

психолог

Саламатчылык. Мындай абалга кайдыгер мамиле кылган болбойт. Мунун пайда болушуна психологиялык себептер эле эмес, физикалык көйгөйлөр да себеп болушу мүмкүн.

Гормоналдык дисбаланс, же организмдеги микроэлементтердин дисбалансы, булар да адамдын ачуусун чукул кылып, жөнү жок жинденүүсүнө алып келет.

Психологиялык себептерин аныктоодон мурун физикалык себептердин жок экенин билүү зарыл. Ошондуктан алгач неврологго көрүнүңүз. Эгер бардыгы таза чыкса, андан кийин психологго же психотерапевтке кайрылсаңыз болот.

Ден соолукта болуңуз!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:

Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?

Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт