// //

Жаман көргөн келиним балама бөйрөгүн берерин айтканда таң калдым

2020.04.20, 15:39
7937

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Келиним ойлонбостон бөйрөгүн берүүгө даяр болду"

Ата-энелер кызык эле жанбыз. Айтайын дегеним, балдарыбыз бактылуу болсо экен дейбиз. Бирок, өз түгөйүн таап бактылуу жашап жатса, бактысыз кылганга аракет кылабыз.  

Уулума курбумдун кызын алып бермекмин. Шаарга досунун тоюна барып мунусун ээрчите келиптир. “Ата-энең барбы? Бир көргөн жигитке эле турмушка чыга бересиңби?”-деп жоолук салгандын ордуна, кетирүүнүн айласын издедим. Көрсө, экөөнүн сүйлөшүп жүргөнүнө жарым жыл болуптур.

Айла жок, бир күнү кетип калаар деген үмүт менен келиниме деп катып жүргөн жоолугумду салдым.

Кеткен жок. Удаасынан үч бала төрөдү. Неберелеримди жакшы көрөм, бирок апасына болгон мамилем өзгөрбөдү. Жерийм, урушам, кээде бетине эле башка келин алгым келгенин айтам. Байкушум таарынат, чыдай албай калганда сөз кайтарат. А мен токтоп калбай ого бетер күчөйм.

Экөөбүздү ажыратып жүрүп уулум кез-кез ичип алчу болду.

Түндөсү тез жардам чакырдык. Жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. Келиним экөөбүз сыртта төрт саат күттүк. Ыйлап отурса кучактап койгонго жарабай, “жамандыктан жышааны болбой, көз жашыңды аарчы”,- деп уруштум. Дарыгер чыгып, түшүнүксүз терминдер менен сүйлөп жатты. Бир билгеним баламдын бөйрөгүндө көйгөй бар экен.

- Эгер эртеңкиге чейин абалы жакшырбаса, анда тез арада бөйрөгүн алмаштыруу зарыл.

- Меники жарайбы?

- Азыр айта албайм, сизден анализ алышыбыз керек?

- Качан? Азыр аласыңарбы?

- Жок эртең.

- Азыр ала бергилечи.

Келиним ойлонбостон бөйрөгүн берүүгө даяр болду. Менин оюма бул нерсе келген да эмес. Күйөөсүнүн өмүрү менен күрөшүп, дарыгер менен талашып жаткан келинимди карап эмне дээримди билбей калдым. Балдар жалгыз калган, кабар алып келейин демиш болуп үйгө баса бердим. Жолдо келатып кетирген каталарымды, баламдын өмүрүн эстеп шолоктоп ыйладым. Бир түн мени өзгөртүп койду.

Келинимдин бөйрөгү донор болууга жарабайт экен. Бирок, бул маанилүү эмес эле. Анткени уулумдун абалы күндөн-күнгө жакшырып баратты. Келиним экөөбүз ээрчишип тамак көтөрүп келсек, балам ыраазы болуп күлүп карайт.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт