// //

Апрелде балалуу болгондор сүйүнчү акчаны кантип алат?

2020.04.17, 13:44
1385

Саламатсызбы! Апрелде балалуу болгондор сүйүнчү акчаны кантип жана кайсыл жактан алса болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.04.2020, 13:47

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы

Саламатсызбы! “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун мурдагы тартип боюнча эле алып жатышат. Бул үчүн төрөткандан балага күбөлүк алып жатканда дароо документтерди ошол жерге тапшырып койсо болот. Ошондой эле, паспорт менен баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жашаган жериңиз боюнча калкты каттоо мамлекеттик кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө, башкача айтканда, жарандык абалдын актыларын каттоо кызматына (ЗАГС), маалыматтык күркөөлөргө, МКК (ГРС) же  калкты тейлөө борборлоруна (ЦОН) алып барып тапшырсаңыз болот. Ал жактан биздин базага келип түшөт. Андан кийин акча эки-үч иш күндүк ичинде банктык эсепке которулат. Учурда банктардын баары иштеп жатат.

“Балага сүйүнчү” жөлөкпулу тууралуу кошумча маалыматты бул жерден окусаңыз болот:

"Балага сүйүнчү" жөлөк пулун кантип алсам болот? Адис жооп берет

Студентмин, боюмда бар. Төрөсөм сүйүнчү акчаны кайдан алсам болот?

“Балага сүйүнчүнү” чет жакадан кантип алса болот?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт