// //

"Балага сүйүнчү" жөлөк пулун кантип алсам болот? Адис жооп берет

2019.02.20, 10:01
1306

Саламатсызбы! Мен жакында балалуу болдум. Күйөөм менен боюмда барда ажырашып кеткем, никеге турган эмеспиз. "Балага сүйүнчү" жөлөк пулун кантип алсам болот, кандай документтер керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.02.2019, 10:03

Кымбат Кадыралиева 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы 

Урматтуу окурман, бешик бооңуз бек болсун!

4000 сом өлчөмүндөгү бир жолу берилчү “Балага сүйүнчү” жөлөк пулун алуу үчүн бул документтерди топтоңуз:

  • Паспортуңуз
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү
  • Жашаган жериңизден маалымкат.

Мамлекеттик каттоо кызматына(ГРС), Никени каттоо мекемесине (ЗАГС), Калкты тейлөө борборуна (ЦОН) же айыл өкмөттөрүндөгү маалымат күркөөлөрүнө документтерди алып барып, арыз калтырасыз.

Акча колго берилбейт, банкка которулат. Андыктан эсеп ачасыз, бар болсо кереги жок. Жөлөк пул которулгандан кийин райондук башкармалыктар чалып билдиришет.

Эгерде каттооңуз айылда болсо, бирок Бишкек шаарында жашасаңыз, учурда жашап жаткан жериңизден маалымкат алып, шаардан эле сүйүнчүсүн алсаңыз болот. Айылга баруунун кереги жок.

“Балага сүйүнчүнү” ымыркай төрөлөөр замат алгыла деген нерсе жок. Бир жыл мөөнөт берилет. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт