// //

Бир жигит менен сүйлөшүп жүрсөм, аялы, эки кызы бар экен. Кеңеш бериңизчи?

2020.04.16, 15:20
1320

Саламатсызбы. Мени бир нерсе кыйнап келет. 10-классымда бир байке менен “Одноклассник” сайтынан таанышып, үч ай сүйлөшкөндөн кийин аялы менен ажрышкан, эки кызы бар экенин билдим.

Ошол замат блокко коюп, сүйлөшүүбүздү токтотком. Бирок жакшы көрүп калыпмын. Унута албай, кайра өзүм байланышып, сүйлөшө баштадык. Ата-энем мамилебизге каршы болушту.

Шаарга окууга тапшырып, азыр студентмин. Окууда жүргөндө көп кыйналбайм, жүрө берем. Бирок айылга келген сайын аны эстей берем.

Азыр карантин болуп айылдамын. Акыркы кезде анын баракчасында башка кыздардын сүрөттөрү пайда болуп калыптыр. Анысын көрүп ачууланам.

Эмне кылсам болот, мага кеңеш бере аласыңарбы? Мен татыктуу жар болгум келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.04.2020, 15:21

Камила Юсупова

Психолог

Сиздин сезимдериңиз кайра айылга кайтып келгенде гана пайда болот экен. Ойлонуп көрсөңүз, шаарда жүргөндө ал тууралуу ойлоносузбу, эстейсизби? Эмнеге мындай болуп жатат? Шаарда жүргөндө кимдер менен сүйлөшүп, кимдер менен жолугушуп турасыз?

Шаардагы жашооңуз айылдагыдан эмнеси менен айырмаланат? Сиздин сезимдериңиз өткөн чактагы жагымдуу эскерүүлөргө байланыштуу болуп жүрбөсүн? Айылга барганыңызда өзүңүздү жалгыз сезесиз, аны менен сүйлөшсөңүз көңүлүңүз ачылат.

Мен сиздин сезимдериңизди жокко чыгарып жаткан жерим жок, бирок этият болууну сунуштайм. Ал байкеге болгон сезим эмнеден улам жаралды?

Ата-энеңиздин каршы болгону да түшүнүктүү. Алар сиздин келечегиңизге кабаатыр болуп жатышат. Балким сиз менен да ажырашып, жалгыз калтырып коебу, деп чоочулашат.

Ал эми аны менен мамилени улантууну чечсеңиз, алдын-ала башка кыз-келиндер менен мамилеси барбы же жокпу билип, сурап алганыңыз туура болот.

Ийгилик!

Психолог Камила Юсупованы инстаграмдагы @institute_auca_kg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Бул жерден үй-бүлөлүк мамиле тууралуу башка материалдарды окусаңыз болот:

Жолдошум таарынчаак, “ажырашам” – деп туруп алды. Эмне кылышты билбей турам

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Жигитим “ата-энеңе акча салба” деп, айлыгымды алганга шашылат

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт