Боюңда барда баланын кыз же эркек экенин канча айынан баштап билсе болот?
2020.04.16, 10:18
2596
Саламатсызбы. Боюңда барда баланын кыз же эркек экенин канча жумадан кийин билсе болот? УЗИден качан көрүнөт?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.04.2020, 10:20
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Баланын жыныстык өзгөчөлүгү жактан калыптануусу кош бойлуулуктун 8-9чу жумасына барып жыйынтыкталат. Бирок УЗИден 16 жумасынан кийин гана ким экенин так көрүүгө болот. Андан эрте деле айырмалоого мүмкүн, ал УЗИ аппараттан, диагностика жасап жаткан адистин тажрыйбалуулугунан жана курсактагы бала УЗИ жасап жаткан учурда жайгашуусунан көз каранды.
Аман-эсен көз жарып алыңыз.
Кош бойлуулук тууралуу дагы маалымат:
Кош бойлуулук календары (1-12 жума)
Кош бойлуулук календары (13-24 жума)
Кош бойлуулук календары (25-40 жума)
0
Пайдалуу жооп