// //

Күйөөм "кистаң бар болсо, төрөбөйт турбайсыңбы" деп таштап кетти

2020.04.14, 16:24
2669

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Менден өлүп кутуласың" дейт эле"

Бул менин экинчи турмушум. Биринчи жолдошум ала качып кеткен. Баш кошконубузга бир жума боло элек жатып, кол көтөрө баштаган. Акыры денемдин соо жери калбай калганда, кетип кутулдум.

Азыркы күйөөмдүн үчүнчү аялымын. Биринчи ирет тайкесинин кызына үйлөнүп, эки балалуу болгондо ажырашкан экен. Экинчиси менен аз эле жашаптыр. 

Экөөбүз бир айылдан болобуз, “Однаклассник” аркылуу табышканбыз. Турмуш кургандан кийин беш жыл бала жытын искей албадык. Дарыгерлерге барсак баары сонун экенин айтышат. Айлабыз кеткенде кыргызчылык кылып көрдүк. Жыйынтык болбоду.

Үйлөнгөндөн кийин Москвага иштегени кеттик. Эми ар бир үй-бүлөдөй эле кээде казан-аяк кагышып калбаганын эске албаганда, беш жыл сонун жашадык. Кайын-журтум дагы мага жакшы мамиле жасайт эле.

Жолдошум кызганчаак. Бирок аны ишеничнен чыга турган эч нерсе кылбадым. Бир да жолу талашып-тартышкан жокмун. Айтканындай кийинип, боенуп жүрөм. Иштеп тапкан акчамдын бир тыйынын коротпой колуна карматам. Ал дагы көңүлүмдү көтөрүп, “эмне жейсиң” деп турат.

“Сен менен эч качан ажырашпайм”, “менден өлүп кутуласың”, “сабыр кыл, сөзсүз төрөйсүң” деген сөздөрдү айтчу.

Күйөөм балага жакын болгону менен, эки баласынан кабар албайт. Тескерисинче, мен “акча сал, кийим алып бер” деп турчумун. Ошол балдарды атасынан ажыратпасам, кудайым мага бала берет деп ойлогом. Өзүбүз алып карайлы дегениме көнбөй койду.

Быйыл апам катуу оооруп Кыргызстанга келдим. Аэропортко жеткирип, жакшылап узатты. Күнүнө беш ирет сүйлөшүп жүрдүк. “Москвага кайта турган болгондо айт, акча салам” деген. Бир күнү сүйлөшүп отуруп “УЗИге түшүп көрөйүн” десем, макул болуп 1500 рубль жөнөттү. Дарыгер кистам бар экенин, бирок операция менен алып койсо болоорун, коркунучтуу эместигин түшүндүрдү. Жаман оюм жок баарын күйөөмө айттым.

“Кистаң бар болсо, төрөбөйт турбайсыңбы! Бирибизди кыйнабай эки жолго түшөлү”,-деп, жалдыраганыма карабай кара тизмеге салып, ошол бойдон байланышпай койду.

Эмне кылаарымды билбей калдым. Эч нерсеге көңүлүм жок, жашоо мен үчүн кызыксыз. Кайын-журтума айтсам, алар “бизди укпай жатат” деп тим болушту. Ата-энем “жалдырба” деп урушат. Экинчи ирет турмушум бузулганына элден уялып жатамбы же аябай сүйөмбү, айтоор жаман болуп жатам. Кандай кылып бул абалдан чыга алам?

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Азыр күйөөңүз эмне үчүн ушундай кылганын жана ажырашууну чечкенин божомолдоо менен гана биле алабыз. Жагымсыз? Албетте. Бирок, бул анын акыркы чечими жана аны менен эч нерсе кыла албайбыз. «Насильно мил не будешь» деген сөз бар эмеспи. Күйөөңүз чекит койду.

Бул мамилени кайтарып алдыңыз деп элестетели, ал мамиле кандай болот? Күйөөңүз мурдагыдай эле өз эрежесин айтып - убактыңызды, акчаңызды, кийимди кандайча кийип, ким менен сүйлөшүү керектигин толугу менен башкарганын уланта береби. Ошондой болсо дагы, ал бир күнү сизден баш тартып, кетип калбайт деген кепилдик жок.  

Өзүңүзгө төмөнкү суроолорду бериңиз: Сиз кандайсыз? Сизге эмне жагат? Кайда иштегиңиз келет? Катыңызга караганда, ак эмгегиңиз менен тапкан акчаңыздын бардыгын күйөөңүзгө берет экенсиз. Эмне үчүн өзүңүзгө эч нерсе сатып алган жоксуз? Эмне үчүн өзүңүздөн аядыңыз?

Ар дайым иштей турган бир мыйзам бар - "айлана-чөйрө ар дайым өзүбүзгө болгон мамилебизди чагылдырат". Өзүн баалаган аялдарды - эркектер колуна көтөрүп жүрүшөт. Эркекти аябай жакшы көргөн жана анын оозуна караган аял менен эркек каалаганын кылат.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

менен эркек каалаганын кылат.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт