// //

Кыздар акырын сүйлөйт, эркек балдар ыйлабайт! Ата-энелер кетирген жаңылыштыктар

2019.12.24, 17:04
3443

Бардык ата-эне балдарына жакшы тарбия бериси келет. Бирок ар ким “ЖАКШЫ ТАРБИЯ” дегенди ар башка түшүнөт. Бул нерсе көптөгөн факторлордон көз каранды: өзүңдүн бала чагыңда алган тарбияң, жашаган жериңе, элине таандык салт-санаалар, маданият ж.б.

Туура тарбия мына мындай болот, деген бирдиктүү инструкция жок. Бардык жагынан төп келишкен ата-эне да кандайдыр бир мүчүлүштүктөрдү кетирет, жаңылат.

Психолог Мария Самсонова стереотиптик жаңылыштыктар тууралуу bilesinbi.kg’ге айтып берди.  

Эркек бала ыйлабайт

Эркек бала ыйлабайт деген кеңири тараган стереотип бар. Кичинекей мырзалар бул сөздү эс тарткан кезинен эле уга башташат. Биринчиден бул сөз эч убакта балаңызды сооротпойт. Экинчиден сиз аны уяткарып жатасыз, демек бала эмоцияларын жана сезимдерин жашыра баштайт.

Капа болгон бала (айырмасы жок, кызбы, уулбу) өз эмоцияларын сыртка чыгарышы керек. Болбосо, келечекте чогулган ызанын бардыгы агрессияга айланат. Ызаланган бала ата-энесинин колдоосуна муктаж. Азырынча андан чыныгы эркек болууну талап кылбай тургула. Учуру келгенде өзү эле бардыгын түшүнүп калат.

Эркек баланы көп эркелеткен болбойт

Эркелетип, өпкүлөй берсе, кыздарга окшоп калат. Энесин этектеп, эр жүрөк боло албайт. Көпчүлүк учурда аталар ушундай позицияда болот. Бала 7-8 жашка чыкканча, кучактоо, эркелетүү аны менен эмоционалдык жана физикалык контакта болуу, толук кандуу өнүгүүсү үчүн сөзсүз керек экени илимий жактан далилденген факт.

Эркек бала чоңойгон сайын сезимдерин билдирүү ыкмалары өзүнөн-өзү башка формаларга өтө баштайт. Кол кармашып, тамашалап күрөшүп, көтөрүп чаап ж.б. Мына так ушул, өспүрүм куракта эркек балдар атасынан колдоо издеп, ага жакын боло түшөт.

Сен кызсың да!

Тетирисинче, тынчы жок активдүү кыздарга: “шарактап күлбө”, “катуу чуркаба”, “акырын сүйлө” ж.б. тыюлар коюлат. Тыйбагыла. Болгону көзү күйүп турган кызыңар дүйнөнү изилдеп бардыгын өзү билип алгысы келет. Кези келгенде өзү эле суйкайган, сулуу кызга айланат, токтолот. Акыры табият өзүнүкүн жеңет. А балким, токтолбойт. Балдардын темпераменти ар кандай болот. Аларды ошо бойдон кабыл алууга үйрөнгүлө.

Кичинекей ханыша же Күлала

Ашыкча эркелетип, эч нерсе жасатпай, айткан нерсесин аткарган ата-энелер кичинекей ханышасынын кол алдындагы малайларына айланышат. Мындай тарбия алган кыздар келечекте эгоист, башка адамдар менен мамиле кура албаган инсан болуп калышы мүмкүн.

Ошол эле учурда караманча каршы тарбия берип, кенедей кезинен үй-жумуштарына салып, оокатка бышырып, түйшүкчүл болуп чоңойгон кыздар өзүнүн таламын талаша албай калышат. Өзүнүн эмне каалап жатканын билбей ар дайым кимдир бирөөнүн буйругун же талабын аткарып көнүп калышат.

Туура эмес оюнчуктар

Эгер уулуңуз куурчак менен ойноп, кызыңыз оюнчук машинеге кызыкса, чоочулабай эле койгула. Айрым ата-энелер антип ойногонго болбойт деп уяткарып, же тыйып коюшат. Бекер эле кыласыңар.

Оюн - бала үчүн жаңы нерсени үйрөнүү, башкалар менен мамиле куруу, сүйлөшүү, баарлашуу. Эркек балдар камкор, чарбачыл болгонго үйрөнүшсө кыздар өзүн коргоп, эч кимге таарынтууга жол бербегенге үйрөнүшөт. Мунун эмнеси жаман?

Кичинекей бала бул өзүнчө бир дүйнө. Анын жан дүйнөсүн белгилүү бир чекке салбагыла. Кам көрүү, түшүнүү, уга билүү, көңүл бөлүү биздин балдар ушуларга муктаж.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт